Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө” Жарлыкка кол койду.
Анда өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишмердигиндеги зор жетишкендиктери үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнүнө байланыштуу И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын травматология, ортопедия жана экстремалдык хирургия кафедрасынын башчысы, Академик Сабырбек Жумабеков I даражадагы “Манас” ордени менен сыйланды.
0