Айзаданын өлүмүнө, Орхандын жоголушуна ИИМ орун басары Абдиев күнөөлүүбү?

359

Ушундай. Нурбек Абдиевди убагында Кашкар Жунушалиев кабинетинен ашата сөгүп, убактылуу иштен кууп жибергени эсибизде. Себеби, бул эргул иштей албай, кылмыштуулуктун тепсендисинде калганы үчүн суук сөзгө кабылыптыр. Билими тайыз, кыска ойлонгон, далдаңдаган бир сөлөкөт да…

Тагдырдын тамашасын кара, эми ушул Нурбек Абдиев ИИМдин орун басары болуп отурат. Дээрлик республика боюнча кылмыштуулукту көзөмөлдөөчү куратор. Тилекке каршы, ОПГны көрсө үркүп кете турган бир байкуш. Бул жагын айтпай эле коелу, жакында Айзаданы бир “шалман” уурдап кетсе, ошону таба албай, эки күндөн кийин өлтүртүп койгонун моюнуна алабы? Бир жумадан бери Орхан Инанды изделип жатса, бул орун басар сөөрөй кабинетинде чалкалап отурганы кандай? Таңгаласың. Өзүнүн милдетин так аткарбай, жең ичинен ИИМди бөлүп-жарып, оштуктардан тымыз команда түзүп, жыландын башын кылтыйтууда. “Кийинки министр Оштон болот” деп опулдап жүргөнүн моюндайбы? Мындай иритме, дили бузук сабатсызды кызматтык териштирүүгө алып эле айдап жибербесе, кедери тийип калат го? “Темирди кызуусунда сок” дегендей, шек-шыбыры чыгып калгандан кийин көпкө узатпай эсебин бериш керек! “Жоо аяган жаралуу” дейт…

Aryba.kg

0