Айыл-чарба министри Аскар Жаныбеков мажирɵɵлүгүн моюнуна алабы?

728

Азыркы Айыл-чарба министрлиги мурункуга салыштырмалуу ирилештирилгени маалым. Натыйжада бир топ тармактын башы бир министрликке бирикти дегендей. Азыр бул ири тармакты пенсияга жашы жетип калган, мурун да кыска мɵɵнɵткɵ ушул тармактын министри боло калган Аскар Жаныбеков жетектеп атат. Жетектеп атат деген эле сɵз болбосо, ал кишинин министр катары алгылыктуу кадамдарын кɵрɵ албай атабыз. Башкасын айтпаганда дагы жазгы талаа иштерине кол кабыш кылып, дыйкандардын кɵйгɵйүн жакшы билген адам катары күйүүчү майды арзаныраак алып бергенге аракет кылса жарашмак. «Мистер» министр мырза ишке киришкенден бери президентти ээрчип алып чет ɵлкɵнү кыдыргандан башка, эл аралаганын кɵрɵ элекпиз. Аймактарды кыдырып, кɵйгɵйлɵрдү ɵз кɵзүңүз менен кɵрүп келбейсизби Аскар Сапарбекович, кагаз жүзүндɵ берген отчетторго ишенип олтура бербей! Анан да азыркы Айыл-чарба министрлигинин тармактары абдан кеңейгени министрге бир топ түйшүк жаратты. Мындан улам Аскар Жаныбеков министр катары мажирɵɵ болуп атканы жалганбы?! Ишти бир нукта, профессионалдык деңгээлде алып кете албай атканын моюнга алабы? Чоң министрликти тартып кетүү ар бир жетекчинин эле колунан келе бербейт да. Буга мыкты тажырыйба, тубаса жɵндɵм керек эмеспи туурабы? Айтор, ɵлкɵнүн күрɵɵ тамыры болгон Айыл-чарба тармагын Жаныбековго башкартуу менен ийгиликке жете албасыбызга кɵзүбүз жетти…

Булак:Де-Факто

0