Айбек, Нурбек Осмоновдордун коррупциялык былыктары ачыкталабы?

1108

БШК Ош шаардык кеңешине “Биздин Кыргызстан” партиясын киргизбей, мыйзам бузганына байланыштуу четтеткен. Бирок, “сатылма сот” аркылуу БШКнын чечимин жокко чыгартып алганы кандай? Акча таратуу менен алган добуштары адал болобу? Бул жагынан көпчүлүк иренжип турат. “Биздин Кыргызстандын” лидери Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов. Саясаттын “с” тамгасын түшүнө элек балакай миллиондорду чачса эле баарын баш ийдирип алууну көксөгөнбү? Бийликке каш кайтарып, партиясы Ош шаардык кеңешине кирбей калса, кыялын көрсөтүп, адилетсиздик катары шайлоону мүнөздөп алган. Али тамаша алдыда. Айбек, Нурбек Осмоновдордун мыйзамсыз жерлерди алышканы, мурдагы бийликтер менен корропциялык жолдо кандай байышканы иликтенеби? Албетте, дал ушул суроолор боюнча тергөө органдары кызыгып көрүшсө, былыктары чыгып калмак да, туурабы? Кызыгы, Осмоновдор бийликке каршы фейк армияны даярдашып, кара пиарга алуу жагынан күрөшүүгө духтары жетип калышса, кантебиз ыя? Опурталдуу күндөр алдыда го… 

“Азия Ньюс” гезити

+1