«РСК Банк» ААКтын директорлор кеңешинин мүчөсү Мүсүралиев Сүйүнтбек Иратбековичтин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду.
Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди. Мындай чечим 5-мартта «РСК Банктын» акционерлеринин кезексиз жыйынында кабыл алынган.
Ошондой эле, Бузурманкулов Айбек Мырзакеримович 3 жылга аталган банктын директорлор кеңешинин мүчөсү болуп шайланды.
Эске салсак, Айбек Бузурманкулов 2020-жылы 14-октябрда өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү болуп дайындалган. 9-мартта ээлеген кызматынан бошотулган.