Аты аймагыбызга аттын кашкасындай таанымал Ахматбек мырзанын аткаруу да, мыйзам чыгаруу да жаатында опол-тоодой тажрыйбасы бар экенин эч ким тана албайт. Башкарган жеринин майын чыгара иштеп, элдин эсинде эң күчтүү менеджер катары сакталуу. Акыркы күндөрү Ахматбек Келдибековду АКШнын элчилигине эп көрүшүп, эстүү жигит эки өлкөнүн алака-катнашын бекемдей алат деген жылуу пикирлер айтылууда. Ооба, мамлекеттик кызматтын бардык тепкичинен өтүп, тажрыйбасы оргуштап турган мындай инсанды кайсы кызматка дайындабасын жарашканы турат. АКШнын Кыргызстандагы элчиси болуп калса кыргыз элин ички иш билгилиги менен жөндөп кете ала турган Ахматбек мырзаны кайсы жетекчиликке алып барбасын баркын көтөрөөрү анык.
Чындык.медиа