Ахматбек Келдибеков: Мамлекеттин кызыкчылыгы турган жерде эч ким жеке өзүн ойлогонго акысы жок

2267

-Ахматбек Келдибекович, саламатсызбы? Акыркы кезде кайда караба, кандай жаңылык окуба, бардык жерде негатив маалыматтар көбөйүп кетти. Ошон үчүн сиз менен жалаң жакшы саамалыктар жөнүндө сүйлөшүп көрбөйлүбү? Экономикабыз сазга батып турган учурда сиз “эл үчүн көңүл кубантарлык жакшы жаңылык экен” деп бийликтин кайсы кадамын эсептейт элеңиз?

– Бүгүн короновирустан кийин баардык эле өлкөлөрдөй Кыргызстандын дагы экономикасы жаңыдан калыптанып келе жаткан учур. Кыргызстан эле эмес азыр дүйнө жүзүндө абал ушундай. Ошондой эле Россия менен Украинадагы согуштун залалы да биздин экономикага таасирин тийгизбей койгон жок. Анткени,  биздин экономиканын логистикасы бул өлкөлөр менен көп жеринен байланыштуу. Ошон үчүн кыйынчылыктар сөзсүз болот жана болуп жатат. Ал эми көңүл кубандырган жакшы жөрөлгөлөр десек, анда акыркы кезде элибиз  салык кодексиндеги жаңы эрежелерге көнө баштады. Мисалы чек алуу, чек чыгарып берүү, ККМ аппараттары ж.б. Ошондой эле Кумтөрдөгү түшкөн акчанын пайдасы, бюджет тартыш болсо дагы кошумча каражаттарды табуу менен дарыгерлердин, мугалимдердин айлык акыларынын көтөрүлүшү бул жакшы саамалык. Анткени, дарыгерлер үчүн, мугалимдер үчүн бул аябай жакшы стимул болот деп ойлойм. Экинчи жагынан бул айлык акылардын көтөрүлүшүн карай турган болсок, бул кайра эле өлкөнүн экономикасы үчүн иштейт. Мисалы, адамдардын таапкан кирешелерине карата керектөөлөрү да көбөйө баштайт. Негизи дарыгер болобу, мугалим болобу баардык эле мамлекеттик кызматкерлердин айлык–маяналарын көтөрүүнү мен дайыма колдойм.

Экинчи жакшы саамалык бул жөлөк пулдардын көбөйүшү. Акыркы эки жылда эки жолу шайлоо болду. Мына ошол эки шайлоодо тең элдин 90 пайызы жөлөк пулдардын көтөрүлүшүн жана пособия алуу үчүн документтерди тапшыруу жолдорун жеңилдетип берүүнү суранышкан. Бирок, мен азыркыга чейин жөлөк пулдар боюнча маселе Жогорку Кеңеште көтөрүлгөнүн уккан жок элем. Бирок, элдин көйөйгү бийлик башындагыларга жетип президенттин жарылыгы менен бул маселе чечилгенин угуп чын дилимден кубандым. Жарлыктын өзүн да кызыгып окуп көрдүм. Жакшы жагы пособияны жеткирүүнү жөндөштүрүү жана алуу жолдорун жеңилдетүү маселеси да каралыптыр. Бул мен билгенден карапайым калк кайсы шайлоо болбосун талапкерлерден чечип берүүнү суранган эң көйгөйлүү маселелердин бири болчу. Эми аткаруу бийлиги, тийешелүү министрликтер бул маселени көзөмөлгө алып, жер-жерлерде талапты күчөтсө натыйжалуу иш болот деп ойлойм.

-Акыркы кезде бийлик башындагылар мамлекеттин бюджетин толтуруу үчүн ар кандай чечимдерди кабыл алып, ар кандай кадамдарга барып жатышат.  Мисалы, ошол эле казино өңдүү кумар ойночу жайлардын ачылышы менен казынаны толтурууга болобу? Коомчулук буга каршы да.

– Мамлекеттик бюджетти толтуруу бол оңой-олтон иш эмес. Казынаны толтуруу жолдорун күн эмес мүнөт сайын ойлонуу керек. Анткени биздин өлкөдө күрүлдөп иштеп жаткан завод-фабиркалар жок. Өндүрүш системабыздын кыйраганына 30-жылдын жүзү болду деп барыбыз эле кыйкырып жатабыз. Ошондуктан биз өндүрүштү колго алып, экономикабызды көтөрүүнүн жолдорун, киреше булактарын издебесек, казынага асмандан акча келип түшпөйт. Баарыбыз айлык акынын көтөрүлүшүн талап кылып жатабыз. Бийлик дагы элдин талабына жараша казынаны толтуруунун жолдорун издеп жатат. Ошондой эле мамлекеттик бюжетти толтуруудагы кээ бир киреше булактарын көбөйтүү жолдору баарына эле жага бербейт. Бирок, мамлекеттин кызыкчылыгы турган жерде эч ким жеке өзүн ойлогонго акысы жок. Анткени, өз алдынча мамлекет болгондон кийин, мамлекеттин армиясы, ички иштер кызматы бар, мамлекет жол, оорукана, мектеп салып бериши керек. Суу, электр-энергиясы менен элди камсыз кылышы керек. Эми мына ушул өңдүү инфраструктураны камсыз кылуу үчүн мамлекет акчаны кайдан табышы керек? Насыя алуу керекпи? Буга чейин топтолуп калган Кытайдын насыяларын да төлөө мөөнөтү келди. Кумтөрдөн түшкөн киреше менен тышкы карыздан кутулабыз деп кол куушуруп отуруп алгандан пайда жок. Ошондуктан кошумча киреше булактарын табуу зарыл. Мындай учурда кээде популярдуу да популярдуу эмес дагы чечимдерди кабыл алууга туура келет. Акыркы мезгилде мамлекеттин казынасын толтуруу үчүн кээ бирлерибизге жакпаган чечимдердин кабыл алынып жатышы бул мыйзам ченемдүү эле көрүнүш деп ойлойм.

ChA

Булак:Чындык

0