Ахматбек Келдибеков, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы: «Пенсия алуучулардын жаш курагын өйдөлөтүү менен эч нерсе чече албайбыз!..»

2692

Жогорку Кеңештин экс-тɵрагасы, Социалдык фонддун, Салык кызматынын мурдагы тɵрагасы Акматбек Келдибеков мыкты экономист саясатчылардын катарын толуктайт. Биз бүгүн Акмат мырза менен экономикалык абалыбыз, пенсиялык жаш курактын ɵйдɵлɵшү сыяктуу соболдорго жооп алдык. Маегибиз кийинки сандарда дагы уланат…

–Акматбек Келдибекович, пандемиянын айынан улам каржы каатчылыгы биздин ɵлкɵнүнүн экономикасына да оңбогондой сокку урду. Андан кийинки дүйнɵ дүрбүсүндɵ турган Орусия-Украина тиреши да бир топ залакасын тийгизип жаткан жашыруун эмес. Сиздин баамыңызда учурда биздин экономикалык абалыбыз кандай?

–Ооба, 2019-жылдын март айында башталган коронавирус илдетинен улам жаралган пандемиялык шарт дүйнɵ жүзү боюнча бүт ɵлкɵлɵрдүн экономикасына чоң сокку урду. Мамлекеттер арасында соода-сатык солгундап, карым-катнаш дээрлик токтоп калган учурга күбɵ болдук го. Турмуштун жүрүшү ушундай да, кɵптɵгɵн мамлекеттер бири-бири менен экономикалык жактан тыгыз байланышта болушат. Биринде бар нерсени жогуна сатып ортодо акча айланып турат дегендей. Пандемия жаралган кырдаалда газ, нефти, ресурстары бар ɵлкɵлɵр гана запас акчасы аркылуу каатчылыктын кесепетин азыраак сезишти. Тилекке каршы бизде акчанын кору аз болгондугуна байланыштуу бул сыноо биздин ɵлкɵ үчүн оңой болгон жок. Мындай кыйын кырдаалда жарты нан болсо дагы бɵлүшүп жеген элибиздин күчтүү патриоттук сезиминин аркасында пандемия менен каржы каатчылыгын жеңип чыктык десем жаңылышпайм.

Аны менен катар жогоруда ɵз сурооңузда айтып ɵткɵндɵй коронавирус учурундагы каатчылыкты акырындап жеңип, абал турукташа баштаганда Орусия менен Украинанын ортосундагы согуш кайрадан биздин экономикага кесепетин тийгизүүдɵ. Дегеним, мурдагы советтер союзунун курамындагы ɵлкɵлɵр кааласа каалабаса дагы экономикалык жактан тыгыз байланышта болушу, анын үстүнɵ Орусиядагы жүз миңдеген мигранттарыбыз которгон акчага экономикабыз кɵз карандылыгынан ал жерде доллардын куну кɵтɵрүлсɵ бизде дагы автоматтык түрдɵ кɵтɵрүлүп экономикабыздын олку-солку болушуна түздɵн-түз түрткү болду. Ошол эле учурда Украина мамлекетинен ɵсүмдүк майы баштаган дары-дармек күнүмдүк турмуш тиричилигине керектелүүчү каражаттардын 30% чукулу импорттолот экен, акыркы кырдаалга байланыштуу сырттан келген товардын баасы кɵтɵрүлүп кетти. Баанын кɵтɵрүлүшү экономикага урулган сокку. Буга ɵлкɵнүн экономика багытын тескеп олтурган жооптуу инсандар чечкиндүү кадамга, барып экономиканы кɵтɵрүүнүн жолдорун издеши керек. Башка мамлекеттер сыяктуу эле биздин мамлекетте дагы дүйнɵдɵгү болуп жаткан киризистен чыгуу сɵзсүз түрдɵ кыйынчылыктарды жаратат.

–Кеп кезегин Кумтɵр маселесине бургум келип турат. Кумтɵр биздин пайдабызга чечилди дегенибиз менен кечээ жакында экс-депутат Рыскелди Момбеков маек берип, «Кумтɵрдүн экологиябызга келтирген зыяны эле миллиондогон долларга бааланган. Эгер бир-бирибизге дообуз жок деген келишим менен макулдашууга кол кое турган болсок Центерра жактан экологияга келтирген залалга компенсацияны ала албай калабыз…», – деген пикирин айтып жатат. Деги эле Кумтɵр боюнча сиздин пикириңиз кандай?

–Кɵпчүлүк сыяктуу «Кумтɵр» биздин пайдабызга чечилди деген маалыматтарга интернет булактарынан кабардар болдум. Менин түшүнүгүмдɵ бул келишим азыр күчүнɵ кире элек, жаңы кол коюлду. Ал шарттарга ылайык кол коюлгандан соң 30 күндɵн кийин күчүнɵ кирет экен. Юристердин айтымына караганда келишим күчүнɵ киргенче бул келишимди элдин, тагыраагы коомчулуктун кɵрүп, келишим менен таанышканга мүмкүнчүлүк жок экен. Андыктан келишим эл алдына чыккандан кийин, кɵптɵгɵн сурооорго жооп табылат деген ойдомун. Талаш жарата турган кɵптɵгɵн суроолор дагы болушу мүмкүн.

Экология боюнча кеп кыла турган болсок 2005-жыл же 2007-жылдары Кумтɵрдү иштетип жаткан компанияга жаратылышка келтирген зыяны үчүн миллиарддаган сомго айыптаган сот чечими чыккан. Бул биздин ошол кездеги ɵкмɵттүн сотторду мажбурлап чыгарткан ɵкүмү, канчалык чындыкка дал келээрин эксперттер менен экологдор жеринен текшериш керек. Бирок бул ɵкүм экинчи тарапты сүйлɵшүүгɵ мукташ кылып, биздин шарттарды аткартууга жасалган кадам катары кабылдаганбыз.

Акыркы учурда акырындап айлыктар кɵтɵрүлүп баштады, бул дагы ошол Кумтɵрдɵн түшкɵн кирешенин аркасы менен болсо керек деп ойлойм. Кумтɵр боюнча кеңири сɵздү келишим менен таанышып чыккандан кийин кенен кеп кылсак болчудай.

–Акматбек мырза, бүгүнкү күндɵ кɵпчүлүктүн кɵңүл чордонунда турган суроону узаткым келип турат. Социалдык фонддун кечээ жакында кɵтɵргɵн маселесине кандай карайсыз. Сурайын дегеним пенсияга чыга турчу жарандарыбыздын жаш курагын ɵйдɵлɵтүшүбүз керек деп жатышат го?..

–Пенсия алуучулардын жаш курагын ɵйдɵлɵтүү менен эч нерсе чече албайбыз! Пенсияга чыккан жараныбыз мүмкүнчүлүк таап иштеп, кызматы мамлекетке керек болуп турса буга дагы тоскоолдук жаратып, айлыкты танда же пенсияны танда дегени туура болбой калат. Менин оюмча бул чийки мыйзам бийликтин туу чокусундагылардын идеасы эмес. Мамлекет башчысы менен акылдашылбаган, ошол жердеги министр, эксперттердин деңгээлиндеги сунуш болуп калды. Кечээ жакында Министрлер кабинетинин тɵрагасынын орун басары Эдил Байсалов: «Ар бир адам ɵзү топтогон гана акчаны пенсия кылып алат» – деди. Бул жагы туура, мыйзамда жазылган. А бирок Байсаловдун: «Мамлекет пенсия тɵлɵп берүүгɵ милдеттүү эмес!», – деген сɵзү ашыкча болуп калды. Ооба, мамлекет пенсия берүүгɵ милдеттүү эмес дейли, бирок мамлекет жарандарын бакканга, иш менен камсызсыз кылууга милдеттүү да. Элдин салыгынан чогулган каражаттан айлык алып жаткан аткаминердин жогорудагы сɵзү элге каршы болду. Социалдык фонддогу 1996-жылдагы ревормадан кийин ар бир жаран милдеттүү түрдɵ келечектеги пенсиясын топтош керек. Пенсия эки бɵлүктɵн турат. Биринчиси базалык бɵлүк, ал баардык жарандарга бирдей чегерилет. Ал эми ага кошула турганы пенсия жашына келгенче канча акча топтосоң ошоного жараша пенсияга чыгасың. Аз каражат топтосоң аз, кɵп каражат топтосоң кɵп пенсия аласың деген сɵз. Ошондуктан ар бир жаран социалдык фондго акча тɵлɵгɵндɵ салык катары эмес келечектеги карылыгыңдын капиталы катары кɵрүп тɵлɵгɵнү оң.

Жылдан жылга пенсия менен айлыкты кɵтɵрүп атабыз деп тɵш какканыбыз менен инфляцияны эске алган жокбуз. Бүгүнкү күндɵ элге индексация мыйзамы керек болуп турат. Инфляцияны индексацияга байлап койсок эртеңки күнү инфляция болуп кетсе керектɵɵчүнүн айлыгы эч нерсеге жетпей калмак эмес. Индексация саясаты пенсия менен базардагы керектүү буюм сатып ала турган бааны ɵзү эле бир калпка салып, тең салмактуулукту сактап турмак.

–Социалдык фонддун иш алып баруусу биздин саясий системага туура келеби, ɵнүккɵн ɵлкɵлɵрдɵ бул тармак кандай?

–Ɵнүккɵн ɵлкɵлɵрдүн баардыгы биздеги система менен иштейт, тактап айтканда биз ошолордон алганбыз. Биздин мамлекет 1996-жылы реформа жасаганга 10 миллион доллар карыз алып бул тармакты түп тамырынан бери ɵзгɵрткɵн. Акыркы он жылдан бери тапкан пайдабыздан, айлыгыбыздан эки пайыз акчалай тɵлɵйбүз. Тɵлɵнгɵн акчабыз эмне болгонун, канча болгонун, куну жоголуп жоголбогонун аталган мекемеден сурап турганга укугубуз бар. Жамандыкты кечинен берсин, кокус акча социалдык фондко акча чогултуп жүргɵн адам пенсия курагына жетпей кайтыш болуп калса чогулган акчаны бала-чакасы алыш керек. Бул акчалай мурас.

–Дагы бир суроого жооп алгым келип турат. Мына жакында Бишкек жылуулук борборунда (ЖЭБ-ТЭЦ) иштелип чыккан электр энергиясын майнинг компаниясына беребиз деген демилгеге каршы чыккандар болду. Тактап айтканда ЖЭБ ɵндүргɵн электр тогун жарандарга эмес майнинг компаниясна саталы деген сунуш айтылды. Сиз буга кандай пикир айтат элеңиз?

–ЖЭБтеги бир бɵлмɵнү бошоттуруп, майнинг компания кылганы жатышат деген маалымат мага дагы кызык болду. Тереңдеп карай турган болсок Бишкек шаарындагы ЖЭБ жылуулук менен эле камсыз кылуу менен чектелбестен электр энергиясын дагы ɵндүрɵт. ЖЭБ чыгарган электр энергиясынын куну кымбат, тактап айтканда 1 кВты 4 сомго жакын деп уккам. Бирок шаар тургундарына кВты 70-90 тыйындан сатылып калган 3 сомдон ашык каражат мамлекет тарабынан кошумча тɵлɵнүп келчү. Мага жеткен маалыматтарга караганда ЖЭБге керектелүүчү кɵмүрдү бекер алып келип бериш үчүн бир компания ал жактан чыккан электр энергиясынын 30 пайызын пайдаланууну сураныптыр. Майнинг деген сɵз ушул. Мен сандардан ката кетиришим мүмкүн. Бирок, так айта турган болсок менин жеке пикиримде ЖЭБ ɵндүргɵн электр энергияны ушуга окшогон майнинг компанияларга бериш керек. Ошондо кɵмүр бекер келип, электр энергиясы кымбат сатылып мамлекетке эле утуш алып келет. Мындай жол менен жылуулук тармагын ɵнүктүрүп ɵстүрүүгɵ болот.

Руслан Байдылдаев

Булак:Де-Факто

0