Ахматбек Келдибеков: Өкмөт талаалап кыдырганга убакыт коротпой, жогорудагы статистика комитетинин берген маалыматтынын үстүндө күнү-түнү иштеши керек

5212

-Ахматбек Келдибекович, сиз саясий көз караш менен эмес финансист-экономист катары кыргыз экономикасынын учурдагы абалын кандай мүнөздөйт элеңиз? Кыргызстан 2020-жылдан эмне сабак алды? Акыркы кризис, кыргыз экономикасынын көйгөйлөрүн дагы ашкерелеп көрсөттүп жаткан жокбу?

– Пандемиянын кесепети ѳлкѳбүздүн экономикасына ѳтѳ чоң зыян алып келгендиги 2021-жылдын январь-февраль айындагы макроэкономикалык кѳрсѳткүчтѳрүнүн жыйынтыгында дана байкалып жатат. 2021-жылдын ички дүң продукциянын көлөмү (ВВП) 635млрд сомду түзөт. 2020-жыл факт боюнча ички дүң продукция 583 млрд сомду, ѳксүк болгону 52 млрд сомду түзгөн. Ал эми 2021-жылы республикалык бюджеттин кирешеси 172 миллиард 891 миллион сом, ал эми чыгашасы 181 миллиард 354 миллион сом, тартыштык 8 миллиард 463 миллион сомдун чегинде болот деп мерчемделди. Бирок, быйылкы жылдын эки айынын жыйынтыгын 2019-2020-жылдын эки айына салыштырсак, ички дүң өнүм 13,4 пайызга аткарылган эмес. 13,4 пайыз бул аябагандай чоң сумма. 

Быйылкы жылдын январь-февраль айынын жыйынтыгын карап көрсөк киреше 20,3 млрд сомго аткарылды. Эгерде биз 183 млрдды бөлө турган болсок, ар бир кварталда 45 млрддын тегерегинде акча каражатын топтошубуз зарыл. Эгерде кырдаалды реалдуу карай турган болсок бул нерсени аткаруу өтө татаал.

Кыргыз сомун туруктуу кармап туруш үчүн Улуттук банк жыл башынан бери эл аралык резервинен жарым миллиардга жакын долларын сатыкка чыгарды. Ошондой эле быйыл өлкөдөн каражатын, капиталын чыгаруу тенденциясы күчөгөнү кабарланууда. Өлкө экономикасы үчүн азыркы абалдын кесепети кандай болушу мүмкүн?

-Кийинки төрт жылдан бери доллардын курсу 70 сомдон ашпай келген, быйыл болсо эки ирет 85 сомго чыкты. Ушу тапта америкалык акчаны 84 – 85 сомдон сатып жатышат. Мындайча айтканда доллардын сомго карата баасы 13 пайызга чейин өстү. Бул нерседен биринчи иретте импорттук өндүрүмдү сатып алган керектөөчүлөр жабыркайт. Жакырчылык көбөйөт, калктын сатып алуу мүмкүнчүлүгү азаят. Импорт ташып келгендер да оор абалга кириптер болушат, соода солгундайт десек жаңылышпайбыз. Ал эми биздин күнүмдүк жашоо-тиричилигибизге керектелүүчү товарлардын басымдуу бөлүгү импорт, тактап айтканда 70-80 пайызы чет элден келген товарлар. Биздин экономикабызда экспортко караганда ар дайым импорт басымдуулук кылат. Бул экономиканын тили менен айта турган болсок терс сальдо. Бирок, тышкы мигранттардын акча которууларынын эсебинен биздин экономикага 2-3млрд АКШ доллары жыл сайын келип турганынан, сомду күчү кармалып келген.

Ал эми экономика тактыкты сүйөт деп Улуттук статистика комитетинин маалыматы менен айта турган болсок, эки айдын ичинде импорт 32 пайызга ал эми экспорт 12,5 пайызга түшкөн. Мындай учурда импорттун төмөндөшү, экспорттун сыртка чыкпай калышы албетте, товарлардын таңсыктыгын жаратат. Ал эми керектөөнүн тактап айтканда товардын таңсыктыгы баанын өсүшүнө алып келет. Анын кээрин карапайым калк жон териси менен сезет. Анткени 2020-жылдын аягы калктын реалдуу кирешелери 7,7% кемигени айкындалган. Ошондуктан өкмөт эң аз айлык акыны эсептеп чыгуусу зарыл. Мисалы, былтыр миң сом жарандарыбыздын күнүмдүк керектөөлөрүнүн канча пайызына жараса, бүгүн канча пайызын жаба алат. Анткени бул нерселердин баары карапайым калктын нааразычылыктарын жаратат. Өкмөт мына ушундай нааразычылыктарга жол бербөө үчүн алдын ала чечкиндүү кадамдарга баруусу зарыл.  Элге күнүмдүк керектелүүчү зарыл товарлардын кайсынысы келбей калгандыгын аныктап ушул маселенин үстүндө иш алып барышы зарыл.  Азыркы учурда май менен кумшекерге таңсыктык бар мына ушул экөөн алып келебиз деп жатат. Мындай учурда өкмөт бул товарларга болгон баанын өсүшүн убактылуу кармап турууга гана жетишет. Ал эми бааны туруктуу кармап туруу үчүн бийлик, күнүмдүк жашоо-тиричиликке керектүү элге зарыл болгон импорттук товарларды кимдер, кайсы ишкерлер алып келип жатат мына ушуну изилдеп, мына ушул ишкерлерге мамлекет тарабынан колдоо кылышы абзел. Болбосо өкмөт бааны бир-эки айга гана жасалма кармап турушу мүмкүн. Эң негизгиси күнүмдүк керектөөлөргө болгон баа өсүп жатабы демек айлык акыны да көтөрүүгө туура келет. Бирок, товар таңсык болуп жаткандан кийин айлык акыны канча көтөрбө баанын өсүшү токтобойт. Бул чоң инфляцияга алып келет.

Экспорттун көлөмү (мурунку жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен)

Бүгүнкү күндө мени аябай тынсыздандырган нерсе эч кандай тоскоолдуксуз карым-катнаштын негизинде экономикалык жактан колдоо болот деп биз мүчө болгон Евразия Экономикалык Биримдиги. Улуттук статистика комитетинин, финансы министрлигин эки айдын ичиндеги берген маалыматынын негизинде айта турган болсок эки айдын ичинде импорт да, экспорт да 20 пайызга түшүп кеткен. Бул аябай чоң тынсыздануунун жаратат. Башка өлкөлөр менен болгон экономикалык карым-катнашты эске албаганда да биз мүчө болгон Евразия Экономикалык Биримдигинин ичинде импорттун да, экспорттун да 20 пайызга түшүп кеткендги бул социалдык –экономикалык чыңалуунун жаралгандыгынын белгиси. Өкмөт мына ушунун негизинде токтоосуз иш алып барышы зарыл. Анткени,  экономиканын артка кетиши товарлар менен тейлөөнүн кымбатташынан көрүнөт – 2019-жылдын декабрына салыштырганда 2020-жылдын ноябрындагы инфляция салыштырмалуу 7,2% түздү. Бул ЕАЭБ өлкөлөрүнүн арасындагы эң жогорку көрсөткүч. Азык-түлүк биримдиктеги башка өлкөлөрдө Кыргызстандагыдай болуп 12% кымбаттаган жок. Бул дагы өкмөткө кагылган коңгуроо.

Эң өкүнүчтүүсү биздин жарандарыбыздын басымдуу бөлүгү алектенген товар айландыруудагы чекене жана дүң соода жүргүзүүлөр 13 пайызга түшүп кеткендиги. Азыр маалымат каражаттарына байма-бай чыгып жатат КМШ өлкөлөрүндө эң ири базарлардын бири болгон Дордой базарына товарлардын келиши солгундап кетти деп. Чындыгында Кыргызстандын негизги соода өнөктөшү болгон Кытайдан келип жаткан жүк ташуучу машинелердин саны кризиске чейинки мезгилге салыштырганда 10 эсе азайды. Буга Улуттук статистика комитетинин чыгарган жыйынтыгы далил. Ошондой эле негизги капиталга инвестиция 25-30 пайызга чейин түшүп, кыргыз экономикасында буга чейин болбогон окуя 2020-жылдын алты айында сыртка чыгарылып кеткен инвестициянын көлөмү 720 млн. долларды түзүүдө. Ошондой эле чет элдик түз инвестициянын келиши 30,9 пайызга азайган, акча менен эсептегенде бул 398 млн. долларды түзөт. Дагы бир проблема жергиликтүү капиталдын сыртка чыга баштаганы. Анткени, акыркы айларды алып көрөлү экономиканын реалдуу секторунда сатуунун рентабелдүүлүгү араңдан зорго 0,5 пайызга гана чыккан. 2019-жылы анын деңгээли 12 пайызга жакындап барган. Рентабелдүү иштеп аткан ишканалардын үлүшү 2019-жылы 35 пайыз болсо, 2020-жылдын аягында бул көрсөткүч 28 пайызга араң жеткен. Ошондой эле бүгүнкү күндө ички инвесторлор менен тышкы инвесторлордун инвестицияга акча салбай калганы бул аябай чоң тынсызданууну жаратат. Анткени, былтыр эки айдын ичинде негизги капиталга инвестиция жакшы жагына 0,5-1 пайызга чейин болсо да өсүш болсо, быйыл 26-27 пайызга чейин тескерисинче минус кеткени бул ички жана тышкы инвестиция токтоду деген сөз.

Ошондой эле биздин айыл-чарбабыз экономикабыздын 30-40 пайызын тактап айтканда бюджеттин киреше бөлүгүнүн болгону 6-7 пайызын гана түзөт. Ал эми экономиканын негизги бөлүгү болуп кызмат көрсөтүү тармагы, өнөр жай, транспорт, курулуш тармагы эсептелет. Бирок, пандемия учурунда баарынан кызмат көрсөтүү тармагы көбүрөөк жабыркады, анын көлөмү 2020-жылдын жыйынтыгы боюнча 10,2% төмөндөдү. Тактап айтканда, ресторандар менен мейманканалар жарым-жартылай иштеп, кирешеси 46,5% азайган. Ошон үчүн өкмөт талаалап, бүтпөй жаткан социалдык обектерди кыдырганга убакыт коротпой, жогорудагы Улуттук статистика комитеттинин берген маалыматтынын үстүндө күнү-түнү иштеши керек. Анткени, бул нерселерге тез арада чара колдонуп жолго коюу кажет.  

Маектешкен Эрмек Касымбек уулу

Булак:ЧЫНДЫК

0