“Тамырымда кан айланбай калганча апамдын мээримдүү элеси мени менен жашай берет…”
Кичинекей бала кыял бое кезде жаттаган тɵрт сап ырларыбыз кɵп болоор эле. Ал ырлардын биринде: «Апа» деген сɵз айтсам, Аалам болуп угулат. От жагылып очокко, Аппак камыр жуурулат…», -деген саптар бар эле. Чын эле, «Эне», «Апа» деген үч тамга сɵздүн ɵзɵгүндɵ эмне деген тереңдик, эмне деген кенендик жатканын кɵпчүлүгүбүз ɵз учурунда сезе билбейт экенбиз. Эненин ар бир сɵзү баласына табылбас дары, насаат эмеспи. Адам баласы канча жашка чыкпасын, «эне» деген асыл сɵздү жүрɵгүнүн түпкүрүнɵ катып жашайт экен. Дегенибиз, апасын эскерип олтуруп кɵзүнɵн мончок-мончок жашы токтобой аккан каарманыбыз быйыл 60 жашта. Демек, канчага чыкпайлы эне үчүн бала бала бойдон, бала үчүн эне эне бойдон кала берет турбайбы. Эс тарта элек 4 жашында тɵрɵгɵн апасы каза болуп калып, чоң апасынын колунда ɵскɵн Жогорку Кеңештин депутаты Абтандил Кулбараков апасын эскерди…
Апам ɵлгɵн жок, ал ар дайым менин жанымда…
Ар бир бала үчүн апанын орду башка эмеспи. Эненин ордун эч ким толтура албайт экен. Мен апамды эстеген сайын кɵзүмɵ жаш айланат. Кудайдын сыноосу, тагдырдын буйругу экен мени тɵрɵгɵн апам каза болуп калып мен чоң энемдин колунда чоңойдум. Мени бɵпɵлɵп ɵстүргɵн апам Карымбай кызы Турдукан абдан кайраттуу инсан эле. Бейиши болгур тɵрɵгɵн апам каза болгондо мен 4 жашта болсом, кичүү карындашым бир жашта, эжелеримдин улуусу 7 жашта экен. Али эч нерсени аңдап биле элек, бирɵɵбүз да каруу-күчкɵ жарай элек, турмуш деген эмне экенин билбеген чиедей болгон бешɵɵбүздү апам кантип жалгыз тарбиялады экен деп азыр ойлоно берем. Апам болгону 30 рубль пенсия алчу. Кийинчерээк 10 рубль кошулуп, 40 рубль болду. Ошол пенсиясы менен апам баарыбызды чоңойтту. Мектептеги кезибизден баштап алдыбыз институтту, аягыбыз техникумду бүтүрдүк. Энеден эрте калган неберелерин ɵстүргɵн апам эмне деген түйшүк менен баарыбызды чоңойтуп туруп эми жакшылыгыбызды кɵрɵɵрдɵ 82 жашында каза болуп калды. Азап тартып ɵстүргɵн балдарынын сый-урматын кɵрсɵ кандай жакшы болмок?! Ажалга айла жок экен да…
Жогоруда айтып ɵткɵндɵй биз апамдын пенсиясы менен жашадык. Катардагы эле кыргыздын карапайым үй бүлɵлɵрдɵй күн кечирдик. Кийин союз тараган маалда кɵпчүлүктүн агымы менен ишкерликке аралашып, талыкпаган эмгек, “таман акы маңдай терим” менен ийгиликке жетиштим десем жаңылышпай. Ɵкүнгɵнүм апамдын эрте кетип калганы. Бизди багып-багып ɵстүрүп анан жакшылыктарга жетишкенибизди кɵрбɵй арабыздан кетип калганын эстесем каңырыгым түтɵйт. Азыр мен баары жетиштүү болуп турса да апамдын мээрими, апамдын жылуу сɵзү, ал эле эмес апамдын бир караган кɵз карашы мага жетишпегендей сезиле берет. Мен бир нерсени айта кетейин, апам ар убак мени менен кошо жүргɵндɵй сезилет мага. Мындан улам айтам: “Апам ɵлгɵн жок, ал дайыма менин жанымда жүрɵт”, -деп. Капа болгон күндɵрүмдɵ кайрат берип, бактылуу күндɵрүмдɵ мени менен кошо кубанып тургандай сезилет. Ушул жашка чейин турмушумдагы болуп келген, мага аян берип сезилген бир сырды айтып берейин. Мен кандайдыр бир чоң ишти баштаарда апам мага аян, белги берет. Апамдан белги берилбей калса, демек, ал иш бүтпɵйт. Бул кɵрүнүш бир ирет болгон жок, апамдын белги берип колдоосу ар дайым мени менен жашап келет. Апамдын эч кимде жок элеси качан болбосун мени менен бирге жүргɵнүн туям, сезем…
Биз кандай ийгиликке жетишсек, ал апамдын тарбиясы
Эне деген баарынан ыйык инсан болот тура. Биз бир туугандар апабызга абдан ыраазыбыз. Балдарын эч нерседен кем кылбай ɵстүрдү, мыкты тарбия берди, турмуштан ɵз ордубузду табууга болгон аракетин жумшады дегендей. Апам бизди эркелетип, жалынып-жалбарып ɵстүрдү. Мен ойноп кеткенде апам ар дайым чыбыгын кɵтɵрүп алып артымдан барчу. Бирок, бир дагы жолу ал чыбыгы менен чапкан жок. Жɵн гана тап берип: “Сениби, шашпа! Үйгɵ келээрсиң!”, -деп тап берип калаар эле. Мен жеткирбей чуркап качып кетсем: “Аа, балам менден сестенип калды…”, -деп ыраазы болуп олтуруп калчу. Апамдын ал чыбыгы мени урайын деген эмес, жɵн гана бели ооруганынан таянган таягы экенин кийин билдим. Турсунбаев Нуркан байкенин апасы жɵнүндɵ жазган ыры бар: “Чыбыгың менен тап берип калаар элең…”, — деген сыяктуу саптар камтылган мыкты ыр. Бул ырды угуп калганда дайыма апамдын чыбыгын кɵтɵрүп мага келе жаткан учуру кɵз алдыма тартылып, апамдын мээримге толгон кɵз карашын, мээрим тɵгүп балам деп мени издеп келе жаткан элесин эстей берем. Бой жетип жогорку класс болуп калганда, эркек баланын баскан-турганы бир аз ɵзгɵрɵт эмеспи. Ɵткɵɵл курак болуп, баары кызык кɵрүнүп, вино ичип кɵргүң келип, чылым чегип байкаганга куштар болуп дегендей. Ошол кезде биздин аймактагы балдар чогулуп кээде карта ойноп, кээде чылым чегип калышчу. Апам мени тыкыр кɵзɵмɵлдɵп, таптакыр карта да ойноткон жок, вино да ичирген жок, чылымды болсо чекчү эмесмин. Деги эле апам чоңойткон 5 бир тууган эмне ийгиликке жетишсек баары апамдын кажыбас кайраты менен бизге берген татыктуу тарбиясынын натыйжасы деп ойлойм. Менин уялаш эки эжем, эки карышдашым бар. Эжекелерим Анаркүл, Чынаркүл ал эми карындаштарым Жанаркүл менен Тынаркүл. Апам мени эле эмес кыздарын да каттуу кармап, мыкты тарбия менен ɵстүрдү.
Апам колунан бардык иш келген уз-чебер адам эле…
Апам мени чоңоюп калганча эле койнуна алып жатып жүрдү. Апам конокко кетип келбей калса, ал күнү таптакыр уктай албай кыйнала берчүмүн. Тɵрт кыздын арасындагы жалгыз уул болгондуктан жада калса эркектерге тийешелүү иштерди да жасабай апама эркелечүмүн. Баарын эжеке-карындаштарыма жасатчу. Каякка барса да мени ээрчитип алчы, апамдын эле жанында жүргɵн эрке баласы мен элем. Ошол кезде алган 40 рубль пенсиясы эмнеге жетмек эле?! Апам ɵзүнүн кол ɵнɵрчүлүгү менен бизди багыптыр азыр ойлосом. Кыргыздын улуттук кийиминен баштап, жууркан-тɵшɵктɵрдү, ичик-тондорду жана ала кийиз, шырдак дегендерди мыкты жасаган уз-чебер адам эле. Айыл эли апама буйрук менен ичик-тон, шырдактарды жасатып кетчү. Жасаган эмгектерин соодалап анан бизге тамак-аш алып келчү. Ал убакта азыркыдай акчалай соода-сатык деген жокко эсе эле да. Мисалы, бирɵɵлɵргɵ тон тигип берсе алар акысына козу же кой берчү. Апам курактарды да түрлɵп сонун курачу. Мен апамдын машинесинин жанына олтуруп алып, курактардын кесиндилерин түздɵп кармап берчүмүн. Карап олтуруп эле машина тиккенди үйрɵнүп алгам. Кийин аскерге барганда да шымымды, жакамды тиккенде башкаларга салыштырмалуу жакшы тигиптирмин. Бир жолу апам экɵɵбүз ээрчишип алып Сандыгач апа деген курбусунун үйүнɵ бир жумага конокко келдик. Сандыгач апанын күйɵ баласы Кочкордо башкарма эле. Кочкордо бир жума жүрдүк. Күн сайын козу союлуп, фляктар менен кымыз келет. Тооктун жумурткалары коробкасы менен турат. Алар жумурутка кууруса казандын жарымынан кылып кууруйт экен, биз болсо жумуртка кууруганда үнɵмдɵп жасайт элек. Аларды кɵрүп, баардыгын кенен-кенен урунгандарына аябай таң калгам. Кийин билсем ошондо апам Сандыгач апанын күйɵɵ баласына карышкыр ичик тигип бергенге барган экен. Ал убакта той азыркыдай кафе-ресторандарга дүркүрɵп ɵтчү эмес. Чакан кишини үйгɵ чакырып эле түлɵɵ кылып бата алып коюшчу. Эгерде апам ɵзү жалгыз конокко бара турган болсо келээри менен колун карап калсак конфеттен бир-экини берчи. Ошого эле тойчубуз…
Тɵлгɵ тартып, дем салып койгон касиети да бар эле
Жумушума байланыштуу Жумгалга кɵп барам. Кызарттын белин ашканда балалыгыма сүңгүп кирип, апамды, айылымды эстейм. Апам экɵɵбүз ээрчишип баскан жерлер кɵз алдыма тартылат. Апамды эстеген сайын жаман болом, ыйлагым келет. Айылга кирип баратканда апам үйдүн алдына олтуруп мени күтүп жаткандай сезим боло берет. Мына 60 жашка келсем дагы апамдын ар бир кыймылы кɵз алдымда. Айылдагылар, кошуна-колоңдордун баары: “Апаң силерди эмне кылып гана ɵстүрбɵдү?! Сен апаңа кɵп карыздарсың, сен ошол кемпирдин баласысың”, -деп айтышат. Жыл сайын эже-карындаштарымды ээрчитип алып Жумгалга барып айылдагылардын баарын чакырып куран окутуп келем. Ал эми үйдɵн күн сайын эле: “Апамдын жаткан жери жайлуу болсо экен! Жаратканым апама бейиштен орун берген болсо экен!”, -деп дуа кылып, бата тилеп турам.
Ии, баса, ал убак СССРдин маалы. “Кудай жок!”, — деп атеисттик маанайдагы адамдар арбып бараткан учур эле. Мечит деген дээрлик жокко эсе, намаз окутчу эмес. Бирок апам намаз окучу. Кудайга сыйынып жакшылыктарды тилечү. Кез-кезде тɵлгɵ ташын алып чыгып, анча-мынча жоголуп кеткен малдарды дагы тигил жакта жүрɵт, бул жакта жүрɵт деп жок издегендерге айтып берип коймой жайы бар эле. Аны менен бирге жүрɵгү түшүп калган балдардын жүрɵгүн кɵтɵрүп, ооруп калган кишилерге дем салып койчу. Апам ушундай касиети бар инсан эле. Ошол касиетинен улам азыр мени дайыма колдоп жүрɵт деп ойлоп калам…
Апамдын колунан береке, кут, ырыскы тɵгүлүп тураар эле…
Тɵгүп чачпай апам баарын сарамжал пайдаланчу. Үйдүн алдына эки жɵɵк бадыраң, эки жɵɵк помидор тигип алчубуз. Ошол мага аябай чоң жер кɵрүнчү. Анткен менен ошол помидор менен бадраң баарыбызга жетчү. Азыр мүшɵктɵп алсак деле аз кɵрүнɵ берет го. Бир кап картошка айдасак 5 кап картошка казып алат элек. Аны кышы менен жеп чыкчубуз. Жада калса жазында калганын тукум кылганга да жетчү. Короодогу алмаларыбызды чогултуп кышкыга камдап алчубуз. Мен дүйнɵнүн кɵп ɵлкɵлɵрүндɵ болдум. Кайсыл жердин мен-мен деген ашканалардан тамак жебейин апамдын колунан жасалгандай даамдуу кесме жеп кɵрɵ элекмин. Апамдын мээрим тɵгүп бизге жасап берген кесимесин азыр да аябай сагынам. Короодо азыркыдай толтура мал жок болсо да апам бизди эч качан ачка кылган эмес. Эсимде, 5 коюбуз, бир уюбуз бар болчу. Апам сүт кесме менен куурма чайды да сонун кылып жасап берчү. Кɵмɵч казанга нан бышырып, анан чогулуп олтуруп алып чай иичүбүз. Азыр мен ошол убактагы апамдын жупуну дасторконунда бапырап бейкапар олтуруп чай ичкен күндɵрдү сагынам. Ушундай жупуну жашоодо жашасак дагы мен үйлɵнгɵндɵ апам элден кем кылбай кудаларына калың берем деп таягын таянып алып: “Автогум үйлɵнүп атат, уят болбой калың берели! Карыз болсок да алып келейин!”, -деп туугандарына барып акча таап келгенин эстеген сайын апама ыраазы болом. Кɵрсɵ, береке кут, ырыскы дегендин баары апамдын тулку боюнда тура.
Мен аскерден келсем апам ооруканада экен. Үйгɵ келип эле: “Апам кана?”, — десем ооруканада дешти. Адам катуу ойлонуп кеткенде, инсульт сыяктуу бир нерсе болуп кеткенде бир жаагы кыйшайып, булдуруктап сүйлɵп калат эмеспи. Ооруканага барсам ошондой болуп жаагы кыйшыйып калыптыр. Аябай коркуп кеттим. Ошол күнү эле үйгɵ ооруканадан чыгарып келдим. Мени кɵрүп кубат алдыбы, кийин жаагы түзɵлүп калды. Байкуш апам эми балдар чоңоюп калды, буларды кантип багам, кандай кылам деген сыяктуу бир жетишпеген турмуштун ɵйдɵ-ылдыйын катуу ойлонуп койсо керек. Мен апамды эстесем узун сабак кеп болуп кете берет. Ошондуктан сɵзүмдү кыскартайын. Эң негизгиси апам арабызда жок болгону менен ал менин жүрɵгүмдүн түпкүрүндɵ. Тамырымда кан айланбай калганча апамдын мээримдүү элеси мени менен жашай берет…
Сезим Мураталиева
Булак:Де-Факто