— Албетте, Өмүрбек Текебаев идеалдуу ишмер эмес. Саясатчы катары да, адам катары да кемчиликтери, катачылыктары толтура. Мунун өзү табигый нерсе — пайгамбар болбогон соң, дегеле бу жалганда пендезаттын төгөрөгү төп келиши кыйын экен.Арийне, моюнга алууга аргасызбыз, азыркы кыргыз саясатында Өмүрбек Текебаевден билимдүү, интеллекти жогору, туруктуу, өжөр, чынчыл , тажрыйбалуу бир да саясатчы жок. Эгер ал эл алдында бирдеме айтса, жөн эле элөөрүп, же делөөрүп, көпчүлүктүн көөнү үчүн кээ бирөөлөрчүлөп «балп» эттирип салбайт. Жети өлчөп, бир кесет: баарын таразалап, негиздеп туруп сүйлөйт.Демек, Кыргыз Республикасынын президенти болуу ниетин жарыя кылган анын Таластагы билдирүүсү катардагы пиар акция, же популисттик кадам эмес, олуттуу мааниге ээ. Анын майда-чүйдөсүнө атайын токтолуп отурбай, бир нерсени гана белгилеп койгум келет: Ө.Текебаевдин билдирүүсү эми учурдагы бийликти, оппозицияны — Кыргызстандагы бүт саясий күчтөрдү эле эмес, жалпы жарандарды да ойлонто турган маселе.
Аткаруучу: ИП “Султанова Жыпар Ильясовна”. Дареги: Бишкек шаары. Месароша көчөсү 95-2. Буйрутмачы: «Ата Мекен» социалисттик партиясы. Нускасы: 1 даана. Чыгарылган күнү: 23.11.2021-ж. “Ата Мекен” СП шайлоо фондунан (эсептик счет 1299007840006225) каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Д.К.Кулжанова тарабынан төлөндү.