9-июнь – акыркы коңгуроо күнү

312

Билим берүү жана илим министрлиги жалпы билим берүү мекемелеринде окуу жылы качан аяктары жана бүтүрүүчү класстардын мамлекеттик экзамендери качан өтөрү тууралуу маалымат берди.

Мекеменин маалыматына караганда, окуу жылы 8-июнда жыйынтыкталат, “Акыркы коңгуроо” майрамы 9-июнда өтөт.

Бүтүрүүчүлөрдүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясы окуу процесси кыргыз, орус, өзбек жана тажик тилдеринде жүргүзүлүүчү жалпы билим берүү мекемелеринде 9-класстар үчүн 11-22-июнда, 11-класстар үчүн 11-23-июнда уюштурулат.

Алар математика, эне тили, кыргыз тили, Кыргызстандын тарыхы сабактарынан экзамен тапшырышат.

Жылда тогузунчу жана он биринчи класстарды Кыргызстан боюнча 150 миңдей улан-кыз аяктайт.

0