4% менен 25 жылга чейин Ипотекага үй алса болот. Кыргызстанда жаңы турак жай программасы иштелип чыкты

621

Жарандарды арзан үйлөр менен камсыз кылуу максатында Кыргызстанда жаңы турак жай программасы иштелип чыкты. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрайымынын орун басары Урмат Кокочаров билдирди.

Анын айтымында, президент Садыр Жапаров тарабынан 5-майда “Менин үйүм 2021-2026” программасы демилгеленип, жумушчу топ аны иштеп чыккан.

“Жаңы программага ылайык, ипотекалык насыялоо калк үчүн бир топ жеткиликтүү болот. Бул үчүн атайын механизмдер иштелип чыгып, финансы каражаттар да каралган. Ал программаны ишке ашыруу максатында жакынкы 5-6 жылда Мамлекеттик ипотекалык компаниянын турак жай фондун өнүктүрүүгө 30 млрд сом тартылып, болжол менен 800 миң чарчы метр турак үй курулат”, – дейт ал.

Кокочаров негизги басым Бишкек жана Ош шаарларына гана эмес, аймактарга жасаларын белгилеп кетти.

“Программа тиешелүү министрликтер менен макулдашылып бүттү, өкмөттүн буйругу жакында чыгып, август айынан баштап иштей баштайт. Пайыздык чен жылдык 4%га чейин төмөндөтүлөт. Ошондой эле мурда алынган ипотекалык насыялардын да пайыздык чени 4%га чейин түшүрүү каралып жатат. Ижара жана ипотека насыянын мөөнөтү 25 жылга чейин узартылат”, – деди ал.

“Менин үйүм 2021-2026” мамлекттик турак жай программасына мындан ары бардык жарандар катыша алат” деп кошумчалады Урмат Кокочаров.

Анын айтымында, программаны ишке ашыруу максатында жакынкы 5-6 жылда Мамлекеттик ипотекалык компаниянын турак жай фондун өнүктүрүүгө 30 млрд сом тартылып, болжол менен 800 миң чарчы метр турак үй курулат.

“Мамлекеттик турак жай программасына буга чейни негизинен бюджеттик мекемелердин кызматкерлери катышса, мындан ары мамлекеттик турак жайды каржылоо механизмдери өлкөнүн бардык жарандарына бирдей шартта жеткиликтүү болот”, – дейт ал.

Кокочаров “Менин үйүм 2021-2026” программаны ишке ашыруунун негизги багыттары тууралуу сөз кылды:

– Пайыздык ченди жылдык 4%га чейин төмөндөтүү аркылуу мамлекеттик ипотекалык насыялоонун жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле кийин сатып алуу менен ижара механизмин өнүктүрүү;
– Баалуу кагаздарды чыгаруу жана жайгаштыруу аркылуу мамлекеттик ипотекалык турак жай насыялоо секторуна каражаттарды тартуу;
– Өлкөнүн жарандарын үй менен камсыз кылуу үчүн өздүк турак жай фондун түзүү;
– Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыялоо секторуна инвестицияларды тартуу боюнча эл аралык донорлор менен иштөө.

+2