Чуулгандуу деканды билесиңерби?

312

Жусуп Баласагын атындагы КУУнун кыргыз филологиясы факультетинин деканы Бактыбек Жайлообаевдин мыйзамсыз иштери тууралуу көп айтылууда. Быйылкы окуу жылын факультет жумушчу окуу планы жок баштаган. Ал кеч түзүлүп, сентябрь айы онлайн сабактар үзгүлтүккө учураган учурлар болгон. Факультетте окумуштуулар кеңеши дээрлик өткөрүлбөйт. Декан өзүнүн эки-үч кишиси менен өткөрүп, маселелерди өзү каалагандай карап, өзү каалагандай чечим кабыл алат экен. Мисалы,12-ноябрда кеңештин 17 мүчөсүнүн ичинен болгону 5 киши катышкан, кворум жок болгон, ага карабастан декан жыйынды окумуштуулар кеңеши деп өткөргөн. Себеби, келбегендерди деле “катышты” деп кол койдуруп алат экен. Ал декан болгондон бери эле окумуштуулар кеңешин ушундай жол менен өткөрүп келатат деп айтышууда. Бул өтө чоң мыйзам бузуу эмеспи? Декан Б.Жайлообаев өзү иштеген кыргыз тил илими кафедрасынын кызыкчылыгы үчүн факультеттин окуу планын жыл сайын өзгөртүп, кафедрасына саат кошот. Окуу планында кыргыз тил илими кафедрасынын сааттары өтө көп, ошол эле учурда кыргыз адабияты, филологиялык билим берүүнүн технологиялары кафедраларынын сааттары атайын азайтылган. Дүйнөлүк адабият кафедрасынын мурдагы башчысы, раматылык профессор Абдыкадыр Садыков окуу планы боюнча декан Б.Жайлообаевдин үстүнөн арызданып жүрүп бул дүйнөдөн өттү. Себеби, декан “дүйнөлүк адабият”, “адабият теориясы” предметтери боюнча сааттарды өзүм билемдик менен кыскартып, окуу планын бузган. Декандын кыргыз тили жана адабияты адистиги боюнча бүтүрүүчүлөрдөн сынак ала турган МАКтын курамына жалаң тилчи адистерди киргизип, “эрдик” кылган учурлары да болгон. Бактыбек Жайлообаевдин колдоосу менен факультеттин магистратурасында 10 түрк жараны окуган, алар эки жылда бир ооз кыргызча сүйлөгөндү билишпей, кантип окуп, кантип экзамен тапшырып жүргөнү да белгисиз. Бирок, бүтүрүү сынактарында (МАК) декан өзү ортого түшүп, комиссиядан суранып, жеке кызыкчылыгы болбосо алардын бардыгына “5” (“эң жакшы”) деген баа койдурбайт эле да… Декандын бул кылыгына комиссия нааразы болгону айтылууда. Кыргызча эки ооз сөз билбеген түрктөр магистрлик диссертацияларын кыргызча жазганы да көп суроолорду жаратат. “Адабият теориясы” предметин кыргыз адабияты кафедрасына өткөрүп берүү маселеси көптөн бери коюлуп келатат, бирок декан бул маселени чечпей жатат. Эгер ал чечкиси келсе, башында бир кафедра болгон бул эки кафедраны саат талаштырбай бириктирип койсо деле болот, бирок “мындай вариант декан баштаган топтун кызыкчылыгына туура келбейт” деп айтышууда. Декан Б.Жайлообаевдин эң негизги кемчилиги – эл менен, эмгек жамааты менен иштеше албайт. Ал өзүн колдогон топ менен эле иш алып барат. Башка кафедралар менен иштешпейт, эсептешпейт. Факультетте моралдык-психологиялык атмосфера өтө начар. Декан эмгек жамаатын “өз”, “жат” деп экиге бөлүп салган. Декан төрт жылдан бери бир да жолу окуу, илимий, тарбиялык иштер боюнча эмгек жамаатына отчет берген эмес, факультетти оңдоо маселеси боюнча жыйын өткөргөн эмес, факультетте болсо иш начар. Сыйлыктарга көрсөтүү да жең ичинен жүргүзүлөт. Бул боюнча факультетте нааразы болгондор көп. Ал эми эмгеги сиңген, татыктуу окутуучулар сыйлыкка көрсөтүлбөй келет. Факультетте Ж.Чыманов, Г.Жаманкулова, М.Жумаев, К.Абакиров сыяктуу татыктуу профессорлор турса, аларды көргүсү, уккусу келбей, университеттин чоң окумуштуулар кеңешине декан өзүнүн жердеши Турусбек Маразыковду көрсөткөн. Ошол эле учурда башка кафедралардын сунушун сураган эмес. Т.Маразыков илимий иштер боюнча коррупцияга аралашкан деп “Азия Ньюс” гезити (05.11.2020) жазды. Т.Маразыковдун илимий репутациясы күмөндүү экени коомчулукка белгилүү болду. Декан Б.Жайлообаев Т.Маразыковду жердеш болгон үчүн мактап-жактап жүргөнүн ушул чечими далилдеп турбайбы. Болбосо, илимий, илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо боюнча Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн жобосун бузуп, кырктай аспирант, изденүүчүгө илимий жетекчилик кылып жаткан Турусбек Маразыковдун жетекчилик иши боюнча комиссия түзүп, текшерип, чара көрүшү керек эле. Декан өзүнүн түздөн-түз милдетин аткарбай, Турусбек Маразыковдун илимий жетекчилик ишиндеги кемчиликтерди карагысы келбей, тескерисинче, жогорудагы жобону бузуп, Маразыковдун аспиранттарынын санын көбөйтүп, жаңы аспиранттарды бекитип берген. Декан “көп тил билет” деп Т.Токушеваны да сунуш кылган. “Чоң окумуштуулар кеңешине кириш үчүн тил билиш керек” деген критерий жок экен, ал декан Б.Жайлообаевдин “өздүк көркөм чыгармачылыгы” турбайбы. Т.Токушева илимпоз катары да, педагог катары да көптүн бири экен. Анын көрүнүктүү эч нерсеси жок болгону менен декандын оң колу дешти. К.Абакиров, С.Тиллебаев, Б.Баймырзаев сыяктуу белгилүү адабиятчылар иштеген кыргыз адабияты кафедрасынан университеттин окумуштуулар кеңешине декан төрт жылдан бери эч кимди көрсөткөн эмес. Улуттук университеттин кыргыз филологиясы факультетиндеги ушундай мыйзам бузуулар болуп жатканына ректорат көңүл буруп, чара көрүүсү зарыл.

“Азия Ньюс” гезити