Курсан Асанов президенттикке аттангандан бери бир тобунун түн уйкусу бузулду

398

Курсан Асанов президенттик шайлоого катышам дегенден бери бир тобунун уйкусу бузулду.

Эгерде, бирөө жарым суроо узатса: Кыргызстан качан оңолот, десе?!
Курсандай азаматтар келгенде дээр элем… Себеби, Курсан Асанов өз ишинин кесипкөйлүгү менен айырмаланат. Жалган десеңер, ачыгын айткыла. Курулай жамандоодон башка илинчек таппайсыңар!

Силерге 1-2 далил келтирип кетейин. Ош окуясы жана Кой Таш чырында чыныгы генералдыгын тастыктады. Улут аралык кастыктан куткарды. Бейкүнөө кан төгүүлөрдүн астын алып, опурталдуу операциялардын башында турду. Муну өзүңүздөр деле сонун билсеңиздер керек. Ошондо да, баягы ич күптүсү бар жүзүкаралар кара пиар ойнотуп жумушунан алып, камаганга чейин барышты. Бирок, таза генерал сынбайт экен… Кудай буйруп бошонуп чыкты.

Кыргызстан кадр тандоодон көп жаңылабыз. Мыктылар бышып жетилгенде иштетпейбиз. Жакшысын көрбөй эле жамандап жатып калмайыбыз бар.

Бизде кыйындар өтө көп. Мүмкүнчүлүк бербейбиз жана көрбөй келебиз. Ошол мыктылардын сап башында Элдик Генерал Курсан Асановду татыктуу деп айтсак куп жарашат. Билим десе билим, ой десе ою бар Курсан мырзага ийгилик каалайлы!

Ж.Бектеналиева