66 жаштагы Орунбекова Жамиля апа жаңы заманбап үйгө ээ болду !!!

96

Кыйын кырдаалга туш болгон бул аялга турак жай куруу демилгесин “Примов”фонду көтөргөн.
Алай районунун Гүлчө айылынын тургуну Жамила апанын үйү 1963-жылы курулган. Шыптар урап, дубалдарда чоң жаракалар пайда болуп, үйдүн бардыгы жараксыз абалга келген, бул аялдын бир гана уулу бар жана анын жашоосу деле анчалык жакшы эмес. Мындай көйгөйдү билгенден кийин эки айдын ичинде бардык стандарттарга жооп берген заманбап үй салууну сунуш кылдык. Натыйжада, белгиленген убакыттан кийин, Гүлчө айылынын ыраазы болгон тургуну жаңы, кенен үйүнө көчүп кирди.
Жаңы үйдүн ачкычын жеке өзүм Жамила апага тапшырдым. Ага ден-соолук каалайм жана жаңы үйү менен куттуктайм. – деп ЖК депутаты Улан Примов өзүнүн фейзбук баракчаксына жазды