Евробиримдик гендердик саясат боюнча жаңы план иштеп чыкты

17

Европа Биримдиги (ЕБ) өнөктөш өлкөлөрдө гендердик теңчиликти калыптандыруу аракетин мындан ары да улантуу боюнча жаңы план иштеп чыкты. Бул тууралуу 26-ноябрда уюмдун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү кабарлады.

ЕБ 2025-жылга карата тышкы саясий ишмердүүлүгүнүн 85% ушул көйгөйгө арнап, аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багыттай турганын билдирди.

Уюмдун пикиринде, жетишилген прогресске карабастан гендердик теңсиздик аялдарга тоскоолдук жаратып, аларды негизги укуктардан жана мүмкүнчүлүктөрдөн ажыратууда.

2014-2020-жылдары ЕБ Кыргызстанга жалпысынан 263 миллион евролук колдоо көрсөттү.

Укук коргоочулардын айтымында, быйыл пандемия учурунда Кыргызстанда үй-бүлө зомбулугу 65% көбөйдү.

Кыргызстан менен ЕБ ортосундагы кызматташтык 1999-жылы башталган.