Кыргызстанда дагы 432 адамдан коронавирус жана пневмония табылды, 4 бейтап көз жумду

15

Бүгүн, 22-ноябрга карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 432 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.

Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 138, Ош шаарынан – 27, Чүй облусунан – 62, Ош облусунан – 26, Талас облусунан – 10, Ысык-Көл облусунан – 51, Жалал-Абад облусунан – 66, Баткен облусунан – 37, Нарын облусунан – 15 катталды. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 69 581 адам ооруга чалдыккан.

Өткөн сутка ичинде 517 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 60 811ге жетти.

Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 104, Ош шаарынан – 16, Чүй облусунан – 101, Ош облусунан – 62, Талас облусунан – 15, Ысык-Көл облусунан – 48, Жалал-Абад облусунан – 88, Баткен облусунан – 76, Нарын облусунан – 7.

Акыркы бир сутка ичинде коронавирус инфекциясынан 4 адам: Бишкек шаарынан – 2, Талас облусунан – 2. Жалпы саны 1231ге жетти.