Каныбек Иманалиев: “Азыркы бийлик кабыл алабыз деген референдум мыйзамсыз, ага элдин үнү камтылган эмес”

102

Президенттикке талапкер Каныбек Иманалиев азыркы бийлик элге жек көрүнүш үчүн бир ай жетиштүү болду деген пикирин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 22-ноябрда өткөн “Референдумга каршы!” тынчтык жүрүшүндө билдирди.

“Аба ырайынын суук экенине карабай келип бергениңиздерге рахмат. Элге жек көрүнүш үчүн Бакиевге 3 ай керектелген. Азыркы бийликке бир ай жетиштүү болду. “Буту жаман төрдү булгайт, ниети жаман элди булгайт” деген кыргыздын сөзү бар. Булардын ниетин билдик, эл үчүн келбептир, эптеп эле бийликти басып алып, эптеп эле байлыкты бөлүштүрүп алайын дептир. Бир айдын ичинде булар бийликти бөлүштүрүп бүтүштү. Эми байлыкты бөлүштүрүүгө өтүштү. Биринчи Конституцияны тебелешти, элди зордоп жаңы редакцияны кабыл алууну мажбурлап жатышат. Бул Конституция өтпөйт, себеби биз эркиндикти сүйгөн элбиз. Алар кабыл алабыз деген референдум мыйзамсыз, ага элдин үнү камтылган эмес.

Азыркы келген бийлик бир айда элди консолидация кыла алган жок, элге өнүгүү жолун көрсөтө алган жок. Тескерисинче, элди кагыштырып, экиге бөлүп жатат. Мындай бийликтин келечеги жок. Себеби алардын ниетин, эл жөнүндө кандай ойлой турганын көрдүк. Биз бүгүнкү иш-чарага чыккан жаштар менен келечек үчүн күрөшкөнгө даярбыз. Кийинкиде мындан да көп жаштар келет деп ойлойм”, – деди ал.

Ошондой эле ал “Ала-Тоо” аянты Кыргыз өлкөсүнүн улуттук ордосу экенин, бийлик бузулуп бара жатканда элдин үнү ушул аянттан чыгарын айтат.

“Бул биринчи чогулуш, эскертүү. Элдин укугун, эркиндигин тебелегенге эч ким жол бербейт. Бийлик фейктерге эмес элге, бандиттерге эмес мыйзамга таянышы керек. Бийликтин күчү мыйзамда”, – деп кошумчалады ал.

Эл өкүлүнүн айтымында, мөөнөтү бүткөн парламенттин Конституцияны кабыл алууга моралдык угугу жок.

“Бизде Венециялык комиссиянын жыйынтыгы бар. Ага ылайык мөөнөтү бүтүп бараткан парламенттин жаңы Конституциянын демилгечиси болууга моралдык, саясий укугу жок. Мындан сырткары кечээ саясий кеңешменин жыйынын көрдүк. Мен урматтаган профессорлор Илимдер академиясынын же Бишкек шаарынын уставын кабыл алышкан жок да. Региондордогу өкүлдөр кайда? Ош университетинин, Нарын университетинин профессорлору кайда? Же аларды артта калгандар деп эсептешеби? Азыркы долбоор тар чөйрөдөгү адамдардын легитимсиз аракети. Кийинки жылы жаңы президент, жаңы парламент шайланып келгенде гана жаңы Конституцияны кабыл алууга мүмкүн.

Бүгүнкү күндө Сания Токтогазиева, Таттуу Эргешбаева, Клара Сооронкулова, Чолпон Жакупова сыяктуу адамдар коомдук пикирдин лидерлери болуп турушат. Алардын катышуусусуз даярдалган Конституциянын долбоорун демократиялык дегенге болбойт”, – деди Иманалиев.