Дастан Жумабеков дагы бир ирет эрктүүлүк таанытты

260

Өлкөдө бийлик алмашканы, дале аягы тынчый элек. Жаңы келген бийлик Конституцияны өзгөртүүгө шымаланыып жатканы деле жашыруун болбой калды. Конституцияны өзгөртүүнү депутаттардын колу менен жасамакчы болуп, бир топ эл өкүлдөрүн ар-кандай жолдор менен макул кылганы боюнча каңшаар кептер айтылууда. Ал ортодо айрым депутаттар койгон колдорунан баш тартса, кээ бирлери окубай эле кол коюп бергендерин айтып чыгышты. Ал эми бир топ эл өкүлдөрү бул долбоорго ачык каршгылык билдирип, кол коймок тургай, колдоодон баш тартышты. Алардын катарын Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы – депутат Дастан Жумабеков толуктайт. Бизге жеткен маалыматтарга таянсак, Дастан мырза Конституцияны демилгелеген депутаттардан турган демилгечи топко кирүүдөн жана кол коюдан баш тартканын эшиттик. Демек, Дастан мырза өзүнүн позициясын тайманбай билдирип, эрктүүлүгүн көрсөттү. Дастан Жумабеков учурда эл өкүлү катары эл көйгөйү менен алектенип, Талас облусундагы бир топ социалдык маселелерди чечип, тикелей салымы бар социалдык обьектилердин салтанаттуу ачылыштарына катышып, элеттиктерге майрамдык маанай тартуулап жүргөнү, анын чыныгы эл уулу экенин айгинелейт эмеспи…

ЧЫНДЫК