УКМК: “Чач” каймана аты бар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

75

“Чач” каймана аты бар Э.М. аттуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМКдан билдиришкендей, Э.М. буга чейин 2015-жылы Беларуста киши колдуу болуп өлтүрүлгөн криминалдык авторитет Алманбет Анапияевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү болгон.

“Кармалган адам Кыргызстанда бир катар кылмыштарды кылган деп шектелип келет. Тактап айтканда Жалал-Абад облусундагы атышууларга жана башка резонанстуу криминалдык талаштардын фактыларына тиешеси бар. Белгилей кетсек, криминалдык авторитет Э.М. жана ал башында турган кылмыштуу топ, “Кыргызмунайгаз” ААКсынын мурдагы жетекчиси Р.Бостонов тарабынан колдонулуп, Жалал-Абад облусунун ишкерлерине жана тургундарына күч колдонуу менен коркутуп, мыйзамсыз иш аракеттерди жасап келген жана ал боюнча жергиликтүү тургундардан өтө көп арыздануулар болгон”, – деп билдирет УКМК.

Аталган фактылар боюнча материалдар Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынган. Кармалган адам УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.