“МИРЛАН БАКИРОВДУН ОРДУНДА БОЛСОМ АСЫЛЫП ӨЛМӨКМҮН…” ДЕДИ

418

Таксист менен жолдо келатып, саясаттан кеп салыштык. Маектешим билимдүү, намыстуу жигит экен. Агартуу тармагында иштеп, бош убактысында элге кызмат көрсөткөнү жакты. Олуттуу кебин кыскача баяндайын.

“Мен алиги Мирлан Бакировдун жердеши, жакшы таанышы болом. Жаш кезинен эле кошоматчы, кызыкчылык менен жашаган бир байкуш болчу. Жалал-Абадда ар кайсы чоңго жагынуу менен жашап жүрчү. Майда кызматкер, анан калса сүткорлугун кантесиң?.. 2010- жылы Бабановго жабышып, “Республика” партиясынан депутат болгон. Анын жакшылыгын көрдү да, сатып кетти. “ӨнүгүүПрогресске” эрмешип, 2015-жылы Бакыт Төрөбаевдин “көчүгүнө” кирип жүрүп депутат, кийин вице-спикер болду. Бакытты да сыздатып баса берди. Атамбаев менен Жээнбековдун доорунда “тряпкадай” эле пайдаланылганы жалганбы? Өткөн парламенттик шайлоодо “Мекеним Кыргызстанга” кирип кетиптир, Искендер Матраимовго кулдук уруп жүрүп, жолун тапты да… Тилекке каршы, Бакиров төңкөрүштөн кийин Садыр Жапаровдун колтугунан байыр алды. Келиндей кызмат кылды. Баарыбыз күбө болдук. Эми ушул саткын, “чимкирик” моралдык жагын ойлобой элге акыл үйрөтүп, сүйлөп калат экен. Ооздон ары жара койсо! Баардык сөзү жасалма, жалтак, деңгээли жок бечара. Сойкудан айырмасы калдыбы? Катын болсо эчак “жешилип”, тарпы чыкмак беле? (Каткырды.) Мен Мирландын ордунда болсом асылып өлмөкмүн… Ушул айткандарымды жазып коесузбу? Менин атымды атабай эле коюңуз?” деп суранды таксист.

Арстан Алгырбеков

Aryba.kg