МАЙ-КӨЛ ЖЕРДЕН ЖЫЛБАГАН МАРИПОВГО “МАЙРАМ” КАЧАН БҮТӨТ?

255

Улукбек Марипов деген Эсеп палатасынын төрагасы бар. Атамбаевдин убагынан бери карыш жылбай, кайсы бийлик келсе, ырын ырдап, этегине намаз окуп, тилин табат. 2015-жылы бу бала Атамбаевдин помошниги эле. 2016-жылы Атамабевдин арты менен Эсеп палатасына төрага болуп барган. Жээнбеков келгенде Атамбаевди сатып, Жээнбековдун ичи-койнуна кирди. Азыр эми Жээнбековду сатып, Жапаровго жойпуланып жүрүптүр.

Мариповдун жарк этип көзгө көрунгөн деле иши жок. Анан аны бул кызматта 5 жылдан бери кармаган эмне сыр бар дейсиз? Суу кечип качкан Шадиевдин көздөй адамы Нурпайыз Осмонов деген немени Рук.Аппарат кылып койгон. Экөөлөп кыңыр иштерди кылып, биринин иштерин бири жаап, “доляларды” бөлүшүп келишкени просто ачыкка чыкпай жатат. Марипов каалаганын калчап, аудиторлорду “кың” дедирбей иштетет экен. Баш көтөргөнүн куугунтуктап, ар тараптан кысып, иш бербей, текшерүүгө жибербей, керек болсо ишин текшертип, иш козготуп чүнчүтөт экен эй.

Буга факт деле бар. 2017-жылы Эсеп палатасында иштеген эки адам жок жерден оо дүйнө карап кетишкен. Эркинбек уулу Эмилбек деген “Республика-Ата-Журттун” квотасы менен келген аудиторду жеке өчөгүштөн артынан сая түшүп пара менен атайын операция жүргүзүмүш этип каматып жиберген. Анын карамагында иштеген эки инспекторду шефине каршы показание бергенге мажбурлап, камап, кыйнаганда бирөө жүрөк оорусунан каза тапкан, экинчиси да куру жалаанын курмандыгы болгон дешет. Эсеп палатасындагылар ал окуяларды жадыбалдай билишет. Шордуу Эркинбек уулу кийин камактан чыкканы менен, акыбалы начар экен. Талант Мамытовдун жакын досторунан болуптур кезинде.

Адамдардын тагдыры менен ойногон, каалаганын калчап тайраңдаган Улукбек Мариповго эч кимдин тили өтпөйбү эмне?! Дээрлик баарын алмаштырган Садыр Жапаровдун Мариповго келгенде лампичкеси өчүп калдыбы?) Кыскасы, шиш деле толот, акыры жарылат. Улукбек Мариповго эртерээк чара көрүлбөсө, Эсеп палатасындагы тымызын нааразылар бир күнү түп көтөрүлбөйт деген кепилдик жок.