“Кинотеатрларды тезинен ачуу керек”-деп эл бийликке кайрылууда.

25

Пандемия башталгандан тартып жабык турган кинотетрлардын ээлери эбегейсиз чыгым тартышса, ал эми ал тармакта иштеп жан баккан жарандар жумушсуз жүргөнүнө 8 айдан ашты, бул убакыт аралыгында айрымдары карызга батса, көпчүлүгү күнүмдүк жашоосуна акча таппай калганын кошумчалашты.

Ал эми кино сүйүүчүлөр болсо, баардык тармак ишке кирип, кинотеатрлар жабык турганы адилетсиз деп айтышууда. Ансыз деле депрессияда жүргөн эл, көңүл ачуу үчүн эч нерсе жок, күн сайын көңүлдөрү чөгүп жүргөнүн айтышууда.

Митинг, той-топурларда эл көп жүрөт, саясатчылардын эл менен жолугушуулар тынымсыз өтүп жатат. Эмне үчүн кинотеатрлар ачылбай жатат деген суроо туулат.