Президенттик шайлоону өткөрүүгө жарым миллиард сом сарпталат – вице-премьер

18

Президенттик шайлоону өткөрүүгө жарым миллиард сом сарпталат. Бул тууралуу президенттик шайлоону өткөрүү боюнча республикалык штабдын жетекчиси, вице-премьер-министр Максат Мамытканов билдирди.

Ал, 2020-жылы бюджетте тартыштык маселеси бар экенин айтып өттү.

“Шайлоону өткөрүүгө ал каржы кыйынчылыктары таасир этпейт. Каржы министрлиги каражат бөлүп берет”, – деди ал.

Эскерте кетсек, президенттикн шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.