Мамытканов: Негизги милдет – ачык-айкын жана таза шайлоо өткөрүү

19

Президенттик шайлоону өткөрүү боюнча республикалык штабда теңтөрагалык милдетти Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова аткарат. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйынында Шайлоону уюштуруу боюнча штабдын башчысы, вице-премьер-министр Максат Мамытканов билдирди.

Ал белгилегендей, теңтөрагалык штабдын ачык иштөөсү үчүн жасалып, анда БШКнын сунуштары жана талаптары угулган.

“Негизги милдет – шайлоонун жыйынтыгы күмөн жаратпашы үчүн ачык-айкын жана таза шайлоо өткөрүү. Биз, өкмөт катары бизден көз каранды болгон бардык иштерди аткарабыз. Биринчи кезекте мыйзамдуулукту жана санитардык нормалардын сакталышын камсыз кылуу”, – деди ал.

Вице-премьер билдиргендей, штабдын биринчи жыйыны өтүп, сунуштарды үч күндүн ичинде киргизүү тапшырмасы берилди.

Эске салсак, мөөнөтүнөн мурда өтүүчү президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.