Жогорку Кеңештин эки депутаты ИИМге суракка чакырылды

17

Жогорку Кеңештин депутаттары Жанар Акаев жана Мирлан Жээнчороев Ички иштер министрлигине суракка чакырылды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине аталган министрликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, депутаттар 5-6-октябрь күндөрү Бишкектеги башаламандыкка байланыштуу козголгон иш боюнча күбө катары суракка чакырылды.

Эскерте кетсек, 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон жарандар 5-6-октябрь күндөрү митингге чыгышкан. Митинг массалык башаламандыкка жетип, 626 милиция кызматкери жабыркаган.