Аида Салянова: Президенттик башкарууга кайтып келүү – бул келечекке болгон кыянаттык!

629

Урматтуу мекендештер!

Конституция өзгөрүлсө эле жашоо өзгөрүлүп кетет деген бул алдамчылык экенин өз башыбыздан көп жолу өткөрдүк. Өнүгүүнүн жолу ушунда болсо биз эң өнүккөн мамлекеттердин катарында болот элек.
Тилекке каршы он жолу өзгөрүлгөн конституция экономикабызды, жашоо денгээлибизди өзгөрткөн жок.
Долбоорду киргизүүдө фундаменталдуу процедуралык кемчиликтер бар. Анын негизгиси
легитимсиз парламент. Демек башка процедуралык каталарды эсептегенибиз маанисиз.
Андыктан мазмуну боюнча.
Жаңы долбоор башкаруу системасындагы бийлик бутактарынын тең салмактуулугун жокко чыгарып, абсолюттук формадагы диктатураны орнотууга жол ачат. Француз диктатору Людовик XIV кө тиешелүү деп айтылып жүргөн “Мамлекет бул мен” деген ойду камтыган долбоор болуптур десем жаңылышпайм.
Ойлонуп көргүлөчү, президент:

  • 5 жылдан эки жолу шайланса болот деп жазылган;
  • референдум дайындоо укугуна ээ болот;
  • президенттин укуктары Конституция менен чектелген. Эми алар чексиз болот. Анткени долбоор боюнча мыйзамдар менен дагы кеңейтсе болот;
  • сотторду дайындоо укугу күчөтүлөт;
  • конституциялык мыйзамдар боюнча президенттин ветосун аттап өтүү парламент үчүн дээрлик мүмкүн эмес болот;
  • Президентке күнөө тагуу процедурасы оорлоштурулат.
    Бул тизмени дагы толуктаса болот.
    Эми ушул ыйгарым укуктар коррупция менен күрөшүү үчүн керекпи? Элди жаркын келечекке алып баруу үчүн керекпи? Же жеке кызыкчылык үчүн керекпи?

Эгерде Президент аткаруу бийлигин башкара турган болсо, анда Өкмөт башчысынын эмне кереги бар?
Анда эмнеге Америкадагыдай бюджет үчүн президент жооптуу болуп, Жогорку Кеңеште бюджетти өзү коргобойт? Долбоор боюнча өкмөт башчы коргойт.

90 депутат менен кворум 46 депутат болсо, демек мыйзамдарды 24 эле депутат кабыл алуу укугуна ээ. Парламентке элдин ишеними ансыз деле өтө ылдый деңгээлде болуп жатканда бул туурабы?
Иштеп жаткан Конституция боюнча кээ бир социалдык группаларга өзгөчө шарттар түзүлөт. Бул прогрессивдүү, демократияга туура келген, негизги эл аралык милдеттенмелерибизге дал келген норманын алынып салынышы вуалдын артына жашырылган, мисалы аялдарга болгон рассизмден кабар бербейби?

Конституциянын 12-беренесинде жайыттар жеке менчикте болушу мүмкүн эмес деген норма бар. Бирок долбоордо жок. Бул техникалык мүчүлүштүкпү же атайын алынып салындыбы?
16-беренеде Кыргыз Республикасында баланын эң жакшы кызыкчылыктарын камсыз кылуу принциби колдонулат деп жазылып турат. Эмнеси менен жакпай калды экен? Бул норма дагы алынып салынган.
Конституциянын 20-беренесинде адамдын аброюна шек келтирген учурда кылмыш жообуна тартылбайт деген тыюу бар. Ал норма дагы долбоордо жок. Эмнеге?
Долбоордун 23-беренесинде өтө кооптуу цензура мүмкүнчүлүгү камтылган.
Конституцияда адам укуктарын чектөөдө аша чаап кетпөө принциби бекитилген. Долбоордо бул принциптин тамтыракайы чыгарылган.
Бийлик башындагылардын эң негизги вазипасы бул ар түркүн улуттагы элди бир түндүктүн алдына бириктирүү. Баарыбыз биригип бир Кыргызстан элибиз. Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында Конституцияда ошондой болуп жазылып келген. Жаңы долбоордо Кыргызстан эли кыргыз элине жана башка бир тууган элдер (братские народы) деп бөлүнүптүр. Буга чейин мен бир дагы кыргыздан ушундай өзгөртүүгө муктаждык бар деп укпаптырмын. Бул патриоттук сезим менен манипуляциялоо эмеспи?

Өнүккөн өлкөлөрдүн дээрлик көпчүлүгү парламенттик өлкөлөр.
Анткени парламенттик системанын артыкчылыктары:
азчылыктын дагы кызыкчылыктарынын эске алынуусу, диктатуранын түзүлүшүнүн тобокелчилиги төмөн; президентке караганда парламентти контролдоо жарандык коом үчүн жеңил, анткени президентке караганда ал ачык институт; саясий курсту прогноз кылганга парламенттик системада шарт көбүрөөк түзүлгөн.
Толук парламенттик маданият калыптаныш үчүн жок эле дегенде 3-4 шайлоо циклы өтүш керек эле. Азыр президенттик башкарууга өтүп кеткен күнү дагы биз баары бир эртеби-кечпи парламенттик системага кайтып келебиз, бирок ортодо жеке амбиция үчүн мамлекет 20-30 жыл жоготуп жатпайбы!?
Ушунун барын эске алуу менен президенттик башкарууга кайтып келүү – бул келечекке болгон кыянаттык, өткөн тарыхты сыйлабастык! – деп Аида Салянова социалдык баракчасына жазды.