Өзбекстанда 2021-жылдын июнуна чейин калктын 60%ы коронавируска каршы эмделет

18

Өзбекстанда 2021-жылдын июнь айына карата калктын 60%ынан ашыгын коронавируска каршы эмдөө пландалууда. Бул тууралуу өлкөнүн Санитардык-эпидемиологиялык агенттигинин директорунун орун басары Ботиржон Курбанов билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө өлкөдө эмдөөнү уюштуруу боюнча бир катар иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

«Азыр биз дүйнөдө ким алгачкылардан болуп вакцинасын каттайт, ким сата баштайт деп күтүп жатабыз. Вакцина аларыбыз менен эмдөө иштерин баштайбыз», — деди Курбанов.

Буга чейин Өзбекстандын инновациялык өнүгүү министри Иброхим Абдурахманов өлкө Кытайдын, Орусиянын, Европанын жана АКШнын вакциналарын сыноодон өткөрүүнү көздөп жатканын билдирген.