Кыргызстанда декабрь айында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

17

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкө аймагында декабрь айында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, Чүй облусунда абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, -1…-3° суук, тоо этектеринде жана Кемин өрөөнүндө -4…-6° суук болушу күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн -3° суук…+2° жылуулуктан -5…-10º суукка чейин, күндүз -2° суук…+3° жылуулуктан 7…12° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Талас облусунун орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, -2…-4° суук болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -4° суук…+1° жылуулуктан -6…-11° суукка чейин, күндүз -3° суук…+2° жылуулуктан 6…11° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Кээ бир күндөрү түнкүсүн -13…-18° суукка чейин, күндүз -4…-9° суукка чейин төмөндөшү мүмкүн.

Ош облусунун орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, 0…2° жылуу, тоо этектериндеги райондордо -1…-3° суук болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -3…-8° сууктан -1° суук…+4° жылуулукка чейин, күндүз 0…5° жылуулуктан 7…12° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Жалал-Абад облусунда абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, 0…2° жылуу, тоо этектериндеги райондордо 0…-2° суук болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -3…-8° сууктан -1° суук…+4° жылуулукка чейин, күндүз 0…5° жылуулуктан 7…12° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Баткен облусунда абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, 0…2° жылуу, тоо этектериндеги райондордо 0…-2° суук болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -3…-8° сууктан -1° суук…+4° жылуулукка чейин, күндүз 0…5° жылуулуктан 7…12° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Ысык-Көл облусунда абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, 0…-2° суук, чыгышында -3…-5° суук болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -1…-6° сууктан -7…-12° суукка чейин өзгөрүлүп турушу, күндүз 3…8° жылуулуктун тегерегинде болушу күтүлөт, кээ бир күндөрү 0…-5° суукка чейин төмөндөшү мүмкүн.

Нарын облусунда абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, -10…-12° суук, Кочкор районунда -7…-9° суук болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -5…-10° сууктан -14…-19° суукка чейин, күндүз -2° суук …+3° жылуулуктан -4…-9° суукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Кээ бир күндөрү түнкүсүн -20…-25° суукка чейин, күндүз -11…-16° суукка чейин төмөндөшү мүмкүн.