ВИДЕО- Жездеси менен төшөктөгү видеосу элге көрсөтүлүп… Тоюнда кыздын айыбы ачылды

830

Эки жаш эки жыл сүйлөшүп жүрүп, алты ай мурда үйлөнүүнү чечкен. Анткен менен жигит болочоктогу колуктусунан шек санап жүргөн.

Ала жипти аттаган кыздын айыбын жигит үйлөнүү тоюнда ачып, чакырылган коноктордун шаштысын кетирди. Бул туурасында The Daily Mail басылмасы Кытай ЖМКларына шилтеме кылып жазды.

Видео YouTube каналына да жарыяланган.

Кыз-жигит өткөн аптада үйлөнмөк. Конокторго бир нече видеолорду, анын ичинен экөөнүн бала чагын көрсөтмөк болушкан. Бирок анын ордуна ойго келбеген кадрлар тартууланган. Сахнада кыз-жигиттин турганын көрүүгө болот. Бир аздан кийин болочоктогу колукту эжесинин күйөөсү менен төшөктө жаткан видео тартууланган.

«Мени эч нерсе билбейт дедиң беле?» — деп сураган жигит.

Апкаарып калган кыз колундагы гүл менен болочоктогу күйөөсүн чаап жиберген.

Кийинчерээк жигит болочоктогу колуктусунан шек санап жүргөндүктөн уктоочу бөлмөгө видео камера орнотуп койгону белгилүү болгон.

Бул видео кыска убакыт ичинде интернетте желдей тарап кеткен.-деп Спутник.кж жазып чыккан.