ВИДЕО-Атамбаевдин абактагы жашыруун видеосу Жээнбековдун кабинетинен табылган

237

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен жактоочу Сергей Слесаревдун жолугушуусу видеого жаздырылып турган. Бул тууралуу Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев Facebook баракчасына жазып, видеонун кыскача бөлүгүн жарыялады.

Жоошевдин айтымында, видео 6-октябрга караган түнкү башаламандыкта Ак үйдүн 7-кабатындагы Сооронбай Жээнбековдун иш бөлмөсүнөн табылган. Видеонун дисигин адвокатка берген адам аты-жөнүн ачыктаган эмес.

Дисктин сыртында “27.07. 2020  СИЗО.
АША – Слесарев. Узактыгы: 42 мин” деп жазылган.

Видеодон тергөө абактын жолугушуу бөлмөсүндөгү Атамбаев менен Слесаревдин сүйлөшүп отурганын көрүүгө болот.

Адвокат Замир Жоошев бул боюнча Башкы прокуратурага арызданарын белгилеп кеткен.