Элдик Генерал Курсан Асанов алдыдагы аламанды кызытабы?

479

Курсан Асанов президенттик шайлоого катышууга бел байлады. 2010-жылы түштүктөгү орун алган июнь окуяларында, өзгөчө Ош облусундагы окуяларда стабилдүүлүк орнотууга зор салым кошкон, чек ара чырларын баскан Элдик Генерал эл берген наамынын ээси Курсан Асанов былтыркы август айында орун алган окуялардан улам жалган жалаалар жабылып бир жылдан бери куугунтук жеди. Куугунтук күчөп, жакындарынын ишмердүүлүгүнө бут тосуулар орун алды. Бирок генерал сынган жок, чыйралды. Тагыраагы, бузукулар канчалык сындырабыз деген сайын анын дүбүртү катуулап, болоттой курчуду. Октябрь айында өткөн Жогорку Кеңешке шайлоого катышты, шайлоого нааразы болгондор митинг уюштуруп, бийлик алмашты, баш аламандык орун алды. Ошол баш аламандыкта өлкөнүн бүтүндүгү, стабилдүүлүгү үчүн, ИИМди жетектеп, тартип орнотууга салым кошту. Талап-тоноочулуктун алдын алды. Кийин эски бийликтин сактап жүргөн кегиби же башкабы ким билсин айтор 20 күндөй абакка да отуруп чыкты. Эми минтип ажолукка ат салышып олтурат. Албетте, айтканынан кайтпаган, беттегенин бербеген элдик генерал Курсан Асанов алдыдагы аламанды кызытаары турган иш. Алдыдагы аламан жарышта тулпары ташыркабай, ийгилик алып келишине тилектешпиз.

Булак:Факты.кж