Улуттук банк интервенция жасап, 23,4 млн доллар сатты

11

Улуттук банк валюта рыногунда интервенция жасап, 23,4 млн доллар сатты. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында айтылат.

Улуттук банк бүтүмгө келишилген күндөгү эсептөөлөр менен 2 млн доллар жана бүтүмгө келишилген күндөн башка күндөгү эсептөөлөр менен 21 млн 400 миң доллар саткан.

Ушуну менен Улуттук банк жыл башынан бери валюта рыногунда 17-ирет интервенция жасап жатат.

Белгилей кетсек, акыркы жумаларда Кыргызстанда доллардын курсу 85 сомдун тегерегинде болууда.