Трамп Ирандын өзөктүк объектилерине сокку уруу маселесин талкуулаганы айтылууда

27

АКШнын президенти Дональд Трамп Ирандын өзөктүк түзүмдөрүнө сокуу уруу жолдору боюнча жардамчыларынан кеңеш алды. Бул тууралуу америкалык медиа кабарлады.

The New York Times гезити билдиргендей, Трамп бул тууралуу 12-ноябрда вице-преидент Майкл Пенс, коргоо министринин милдетин аткаруучу Кристофер Миллер жана Штабдардын бирдиктүү комитетинин төрагасы, генерал Марк Милли менен жолугушуу учурунда айткан. Трамп келе жаткан аптада Ирандын негизги өзөктүк объектисине каршы операция өткөрүү мүмкүндүгү жөнүндө сураган. Жардамчылар аны бул ойдон кайтууга көндүрүшкөн.

Шейшембиде бул макалада жарыяланган фактыларды америкалык аткаминерлердин бири Reuters агенттигине тастыктаган. Ак үй расмий комментарий берүүдөн баш тартты.

Бул арада Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) Иран байытылган урандын запасын көбөйтүүнү улантып жатканы боюнча баяндама жарыялады. МАГАТЭнин эксперттери Ирандагы Нетенз комбинатында уран беш жыл мурда түзүлгөн эл аралык келишимде уруксат берилген көлөмгө караганда 12 эсеге көбөйтүлгөнүн билдиришүүдө. Трамп бул келишим Ирандын өзөктүк курал даярдашына каршы туруштук бере албайт деген негиз менен 2018-жылы чыгып кеткен.

“Америка Үнү” Нетенз комбинатына чабуул жасоо аймактык жанжалга жол ачып, АКШнын жаңы шайланган президенти Жо Байденге олутуу көйгөй жаратышы ыктымал экенин билдирди. Трамптын администрациясы атаандаштарын добуш уурдоого айыптап, бийликти өткөрүп берүү жараянына старт берүүдөн баш тартууда. Буга байланыштуу Байдендин командасы азырынча улуттук чалгын боюнча маалыматтарды алууга уруксат ала элек.