Тилек мырза реалдуу иштерди аткарбаса, министр катары көпкө отурушу кыйын го…

330

Парламенттик шайлоодон кийин өлкөдө митинг болуп бийлик алмашты. Ызы-чуунун арты менен көптөгөн адамдар бийликке келип алышты. Алардын катарын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев да толуктайт.

Тилек Токтогазиев кызматка келгенинен көп өтпөй, “Бул жакта айлык аз экен”, – деп айтып чыкты. Өзү буга чейин сындап келгенден кийин унчукпай иштеши керек да, чынбы?
Өзү иштегенине араң бир ай болгон министр премия деп командасына акча таратып берди. Мамлекетте абал оор, коронавирус деген балээден кутула элекпиз, экспорттун көлөмү азайып кетти. Ушундай оор кырдаалда акча таратуу канчалык негиздүү?


Садыр Жапаровго жакшы көрүнүү үчүнбү, же башка себептенби айтор аймактарга болгон сапарын алгач эле Ысык-Көл облусунан баштады.
Чек ара чечилбей, эпидемиологиялык абал турукташпай турган болсо кийинки жылы азык-түлүк менен элди камсыз кыла алабы? Күздүк айдоо иштери эмне болуп жатат? Тилек мырза саясат менен алектенбей, дыйкандарга жакын болсо жакшы болмок. Дыйкандар өндүргөн товарын сата албай убара, экспортко көңүл бурулбай жатат. Дыйкандардын жаңы министр иштей албай жатканын, мындай боло берсе дыйкандар киреше табуу тургай, кетирген чыгашасын актабай калышы мүмкүндүгүн айтып жатышат.

Тилек Токтогазиев өзү бир ишти баштап аягына чыгарып көрө элек. Тилек мырза реалдуу иштерди аткарбаса, министр катары көпкө отурушу кыйын го…