КҮЙӨӨМ МОДЕЛЬ КЫЗ МЕНЕН ӨБҮШҮП… СҮРӨТҮН ЧЫГАРСАМБЫ?

318

Жашым 32де. Күйөөм менен жашаганыма 12 жыл болду. Ушунча жыл жашап, күйөөмдү жакшы адам катары сыйлачумун. Ал да мени сыйлачу, жакшы көрчү. Эки кыз, бир уулубуз бар. Кечээ күйөөмдүн белгилүү эле модель кыз менен өбүшүп турган сүрөтүн телефонун чукулап атып таап алдым. Өбүшкөндөн кийин зынаа жолуна да барышты да. Азыр стресстемин, эмне кылышымды билбей жатам. Акыбалым оор, мындай абалга эч ким түшпөсүн, элестетип алып ыйлап атам. Өзүм узун бойлуу, ак жуумал, сулуу эле аялмын. Таза, тыкан тамак-ашка тыңмын… Эми модель кыздын сазайын берип, Инстаграмга жарыялап салсамбы же жашоомду бүлүндүрүп аламбы?.. Айтор, оор акыбалга дуушар болуп ыйлап отурам.

Зарина

Aryba.kg