Кыргызстанда коронавирусту кайталап жуктурган учур катталган жок – министр

23

Кыргызстанда коронавирусту кайталап жуктурган учур катталган жок. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

“Мындан мурда Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун коронавирусту кайталап жуктурган 7 учур катталды деген маалыматы Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан жүргүзүлгөн текшерүү учурунда тастыкталган жок”, – деди ал.

Эскерте кетсек, 19-ноябрь күнү Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери Кубан Кундашев коронавирусту кайталап жуктурган 2 учур катталганын билдирген.