Кыргызстанда былтыркы жылга караганда пневмониядан каза болгондор 2,5 эсеге көбөйдү

16

Былтыркы жылга салыштырмалуу Кыргызстанда пневмониядан каза болгондордун саны 2,5 эсеге көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Саламаттык сактоонун оперативдүү маалыматтары боюнча, 2020-жылдын январь-сентябрында 26 миң адам пневмония менен ооруса, 2019-жылдын тиешелүү мезгилинде 24 миң киши ооруган.

Пневмония оорусу өткөн жылдын январь-сентябрь айларына салыштырганда Бишкек шаарында жана Ысык-Көл облусунда – 1,9 эсеге, ошондой эле Чүй облусунда – 11,5 пайызга өскөнү белгиленди.

2020-жылдын январь-сентябрында өлүмдүн себептери боюнча өлгөндөрдүн жалпы санынын ичинен жарымынан көбү (52 пайызы) кан айлануу системасынын ооруларына, 11 пайызы – шишик ооруларына жана дем алуу органдарынын ооруларына – 7 пайызы туура келди.

Ушул эле учурда, 2019- жылдын январь-сентябрында пневмониядан 444 адам каза болгон, бул өлгөндөрдүн жалпы санында дем алуу органдарынын ооруларынан 33 пайызга жакынын түздү, ал эми 2020-жылдын январь-сентябрында алардын саны 1 112 адамды же 54 пайызды түздү.

Өткөн жылдын январь-сентябрында пневмониядан каза болгондор калктын 100 миңине деп алганда 9 өлгөндөрдү түзгөн, ал эми 2020-жылдын январь-сентябрында 23 өлгөндөрдү түзгөн же 2,5 эсеге көп.