Видео – Москвада көңүл ачуучу жайда кыргызстандык кыздар мушташты – ЖМК

281

 Россиянын Москва шаарында Кыргызстандын жарандарынын ортосунда мушташ чыкты. Бул тууралуу «РЕН ТВ» телеканалы өздүк булактарына шилтеме берүү менен билдирди.

Окуя Энгельс көчөсүндөгү караоке-барда болгон.

Россиянын жалпыга маалымдоо каражаттары билдиргендей, ал жерде Кыргызстандын жарандары эс алып жатышкан. Көңүл ачуучу жайдын алдында 2 кыздын ортосунда чыр чыгып, мушташканга чейин барышкан. Аларды тааныштары жана көңүл ачуучу жайдагы башка адамдар тынчтандырууга аракет кылышкан.

«Мушташкан кыздар полиция кызматкерлери келгенден кийин арыз жазуудан баш тартышкан. Окуянын башка жагдайлары такталып жатат», – деп билдирет «РЕН ТВ».

#москва#мушташ