Кайда экени белгисиз качкын Кашкар табылдыбы?..

228

Мурдагы ИИМ министи Кашкар Жунушалиевдин карааны Москвада көрүндү. Бул тууралуу “Компромат” телеграм-каналы сүрөт жарыялаган.

Анда мурдагы министрге куюп койгондой окшош адам Россиянын милициясынын күнүнө арналган концертте көрөрман катары отурганын байкоого болот.

Эске сала кетсек, 2020-жылдын 5-октябрындагы бийлик төңкөрүшүнөн кийин Кашкар Жунушалиевге кылмыш иши ачылган. Башкы прокуратура аны суракка келбей жатканын билдирген.

Информатор.кж

ps: Мурдагы ички иштер министри Кашкар Жунушалиев төңкөрүш түнү элди сабатып, ок аттырып, миңге жакын жарандарды жарадар кылды. Көздөрүнөн, колу-буттарынан ажырагандардын эртеңки тагдыры эмне болот? Майып болуп калгандар арбын экен. Бир үйдүн жалгыз баласы Үмүтбек каза тапты. Айтор, Кашкардын иш билбеген чоркоктугу, карапайым калкка жасаган кас саясаты кечиримсиз. ИИМдин өздүк курамын да таштап, качып кетти. Эмне үчүн бүгүнкү бийлик кылмыш ишин козгоп, жазага тартууга чыгынбай жатат? Коомчулук чечкиндүү аракеттерди күтүүдө. Эгерде мындай кош көңүлдүк улана берсе, кайдагы үлгүлүү сабакты алабыз? Ансыз дагы жаңы бийликтин рейтинги түшө баштады. Чечкиндүү аракеттерге баруу парз. Айтмакчы, Кашкар Жунушалиев Кыргызстандан чыгып кетпей эле жашынып жүргөнү айтылып келген, мына эми анын качып жүргөн жери белгилүү болгондой. (сүрөттөгү Кашкар Жунушалиев болсо?) Эми аны барып кармак келүүгө бийликтин эрки жетеби? Качанкыга чейин бекинмек эле? Элдин көксөөсү суубай турат…

ЧЫНДЫК