Президенттик шайлоого катышуу үчүн дагы бир талапкер БШКга арыз тапшырды

146

Бүгүн, 14-ноябрь күнү президенттик шайлоого катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына Темирлан Ормуков арыз тапшырды.

Ормуков 1976-жылы 19-июнда төрөлгөн.

1. Абдыкаар Сыдыков — пенсионер;
2. Адахан Мадумаров — «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери;
3. Азамат Эсенбеков — Москва районунун мурдагы акими;
4. Аймен Касенов — РКӨФ башкармасынын мурдагы мүчөсү ;
5. Арстан Алай — активист;
6. Мыктыбек Арстанбек – “Халал” индустриясын өнүктүрүү борборунун жетекчиси;
7. Бектур Асанов — Жалал-Абад облусунун мурдагы башчысы;
8. Жеңишбек Байгуттиев — «Толубай» АКБ ЖАКсынын директорлор кеңешинин кеңешчиси;
9. Канат Исаев — ЖКнын мурдагы төрагасы;
10. Клара Сооронкулова — Конституциялык палатанын мурдагы судьясы;
11. Кубан Чороев — экономист;
12. Кубанычбек Кадыров — ИИМ башчысынын мурдагы орун басары;
13. Назарбек Нышанов — активист;
14. Нурлан Мотуев — активист;
15. Рашид Тагаев — «Ошгаз» филиалынын мурдагы директору;
16. Сазыкбай Турдумалиев — «Улутман» партиясынын төрагасы;
17.Элеонора Турдубекова – Ч. Базарбаев атындагы хореографиялык окуу жайынын интернатынын башчысы;
18. Садык Шер-Нияз – Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты;
19. Урустам Кабылбеков – Г. Мерцбахер атындагы мөңгүлөрдү сактоо боюнча коомдук экологиялык фонддун президенти;
20. Ильгиз Товкеев – учурда убактылуу иштебейт;
21. Бактыбек Калмаматов – Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты;
22. Жамбылбек Камчиев – куудул.
23. Арсланбек Малиев Касымакунович – Чет өлкөлөр менен кызматташуу жана достук кыргыз коомдорунун бирикмесинин президенти;
24. Токтайым Уметалиева – «Ай-Данек» гезитинин редактору.

25. Бакыт Романов – убактылуу иштебейт;
26. Куттуумидин Базаркулов – «Дербиш фондунун директору»;
27. Анар Зарипова – Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университеттин деканы.

8. Курсан Асанов – ички иштер министринин мурдагы орун басары;
29. Бакир уулу Турсунбай – «МЗФ Групп в Кыргызстане» ЖЧКсынын башкы директору;
30. Марат Кайыпов – убактылуу иштебейт (мурдагы юстиция министри);
31. Карагач Исмаилова – №44 мектептин мугалими;
32. Турсунбек Жумабеков
33. Ербол Токтогулов – иштебейт;
34. Имамидин Ташов – ОсОО «KG Group» ЖЧКсынын башкы директору.