Нарында алгачкы жолу омурткадагы шишикти алуу операциясы жасалды

105

Нарын облустук бириктирилген ооруканасында биринчи жолу омуртканын шишигине операция жасалып, ал ийгиликтүү аяктады. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган оорукананын директору Чыңгыз Нарынбеков билдирди.

Маалым болгондой, 2020-жылдын 11-ноябрында Нарын облустук бириктирилген ооруканасында медицина илимдеринин кандидаты, Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын директору Чыңгыз Нарынбеков, травматология бөлүмүнүн башчысы Кубан Борсокеев жана ортопед-травматолог Талант Калдыбаев 38 жаштагы бейтапка он биринчи (Th XI) көкүрөк омурткасындагы шишикти алуу боюнча операциясын жасашты.

Чыңгыз Нарынбековдун айтымында, облуста тиешелүү адистер жок болгондуктан омуртка операциялары Бишкек шаарынан гана жасалып келген.

«Нарын облусунда негизинен омуртка шишиги, грыжа боюнча оорулар көп кездешет экен. Бул ооруларга операция жасоодо ооруканада тиешелүү адистер жок болгондуктан Бишкек шаарына гана жөнөтүлүп, ал жактан жасалып келчү. Учурдагы жакшы жаңылык десек болот. Мен өзүм аталган оорулар боюнча илимдердин кандидаты болом. Мындан үч күн мурун 11-ноябрда 38 жаштагы бейтапка көкүрөк омурткасындагы шишикти алуу операциясы жасалды. Шишиктин көлөмү 3,2 см экен. Мындай операция Нарын облусунда алгачкы жолу жасалып, ийгиликтүү болду. Эми бул оору менен катталган бейтаптар Бишкек шаарына барбастан Нарын облусунда эле операция жасатуу мүмкүнчүлүктөрү бар. Бишкек шаарынан мындай операцияны жасап келгем. Бирок Нарында алгачкы жолу жасалууда.

Ооруканабызда мындай операцияларды жасоого керектүү жабдыктар жок болгондуктан Бишкектен керектүү жабдыктарды алдыргам. Бул маселе боюнча дагы кайрылып, жабдыктарды толук алганга аракет кылабыз», – дейт Чыңгыз Нарынбекович.