Тагаев так талашка чыкты, марага чейин барабы?

175

2020-жылдын 10-январь күнү мөөнөтүнөн мурун өтө турган Президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген талапкерлердин саны 20га чукулдады. Алардын арасында генерал Рашид Тагаев да бар экен. Ушул кишиге таң калабыз да. Буга чейин ың-жыңы жок, а түгүл элдин эсинен чыгып кеткен жарыктык киши эмнеге чамынып атат?! Кандай добуш алаарын, канчанчы келээрин деле өзү жакшы билет да. Болбой эле жулунуп атканына таңбыз. Бирок, экинчи жагынан караганда талапкерлигин коюп, кайра кайсы бир күчтүү талапкердин пайдасы үчүн шайлоого катышпайм деп баш тартып, кимдир-бирөөгө жагынууга мыкты жол эмеспи. Кандай болгон күндө дагы, Тагаев мырза элдин эсине түшүп коеюн деген окшобойбу…

Де-Факто гезити