Садага чабылар киши табылдыбы же мурдагы саламаттыкты сактоо министрин отургузууга ким кызыкдар?..

801

Пост-пандемия!

Мурдагы саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин жүрөгүнө операция жасалганы турат. “Жаман айтпай, жакшы жок” дегендей эгерде абалы оорлошуп кетсе соттук ишке чейин жашай албай калышы ыктымал.

Чолпонбаевдин жабыркаган тамырындагы кан айланууну жакшыртуу үчүн зымдык уюмдан турган жука металл стент коюлушу керек. Операция жакынкы күндөрү жасалат.

Эки инфрактан аман калган мурдагы чиновникти эми реаблитацияга эмес, кайрадан СИЗО-1ге жөнөткөнү турушат. Ал жакта соттун чечимине ылайык 15-январга чейин калмакчы. Экс-министрдин ден соолугу оор экенине карабастан, сот бөгөт чарасын андан ары узартышы ыктымал. Себеби, кимдир бирөө Космосбек Чолпонбаевди отургузууну абдан каалап турат, ал үчүн акылга сыйбаган амалдарды издөөдө. Кандай амал десеңиз, алдыда жүйө келтирели:

Коопсуздук кеңешинин сунуштамасын четке какты

2020-жылдын 1-апрелинде вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова менен Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев кызматынан алынганы жарыяланды. Бул адегенде акылсыз тамашадай угулган, анткени эки жума мурун ошол маалдагы иштеп жаткан мамлекет башчысы ичи чыкпаганын эмес, коронавирус инфекциясына каршы күрөшкөн Республикалык штабдын жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин бул багыттагы ишине толук канааттанганын билдирген.

Чындыгында бул туура чыкты. Барына байкалгандай, президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында “коронавирустун тарап кетишин эскертүүдө чабал иштегени үчүн” Штабды жана Саламаттыкты сактоо министрин сындады. Ага катар айрым өкмөт мүчөлөрүнүн жетишсиз иши үчүн чара көрүүнү сунуштады. Көп өтпөй Өмүрбекова менен Чолпонбаевдин кызматынан алуу буйругу чыкты.

Эки чиновникти кетирген учурда Кыргызстанда коронавирус инфекциясы менен жабыркаган 111 адам катталган. Бир ай өткөндөн кийин ооругандар жети эсеге өстү. Андан ары коркунучтуу сандар көбөйдү.

Кызматтан алынган чиновниктерге коюлган башкы дооматтардын бири – Кыргызстанга вирустун киришине жол беришти деген маселеде болду. Коопсуздук кеңешинин сунуштамасын толук түрдө угушкан жок деген маанайда.

Ошол эле маалда Коопсуздук кеңеши да, Өмүрбекова да, Чолпонбаев да, же башкасы да, түбүң түшкүр вирус Сауд Арабиясынан өлкөгө кирерин ойлогон эмес.

Январь айында эле Саламаттыкты сактоо министри тынымсыз билдирүү жасап, чегарада санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл күчөтүлгөнүн, иштеп жаткан протоколго ылайык дарыгерлер учуп келгендердин баарын алгачкы белгилер боюнча текшерип жатканын билдирген.

Дарыгерлер биринчи иретте түштүк-чыгыш Азия өлкөлөрүнөн келгендерге басым жасоо менен кемчилик кетиришти. Жакынкы чыгыштагы зыяратчылардан эч ким коркунучту сезген эмес. Кийин байкалгандай, кеч болду.

Арийне, дарыгерлер кимдир бирөөдөн шектенген күндө да, карантүн түшкөн борттогу адамдарды обцервацияга калтырууга мажбурлай алышы кыйын эле. Анткени, ЖК депутаты Ирина Карамушкина белгилегендей, аталган учакта президенттин иниси Асылбек Жээнбеков болгон.

Экинчи өзгөчө жагдай, коронавирус инфекциясынын пандемиясы финансыга байланган. Тагырагы, COVID-19 менен күрөшүү үчүн кошумча каражат марттын экинчи декадасында, ДСУ дүйнөлүк пандемия деп жарыялагандан бир жума өткөндө, Чолпонбаевди кетирерден эки апта мурун кошумча каражат бөлүндү.

Жогорку Кеңештин бир жыйынында ошол маалдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөт 1 миллиарддан ашык сомду бөлөрүн жарыялаган. Бөлүнгөн каражат дарыгерлердин үзгүлтүксүз иштеши үчүн алгачкы керектелүүчү тамак-ашты камсыздоого жумшаларын айткан.

Негизги сумма ишкерлердин жеңилдетилген кредитине кетти. Жадагалса, коркунучтуу оору менен күрөшүүдө алдыңкы катарда жүргөн медиктерге караганда ӨКМ бир нече эсеге көп каражат алган. Жыйынтыгында, обцервациядагы керектөөлөргө, ооругандарга дезинфекциялык каражаттарды алыш үчүн Саламаттыкты сактоо министрлигине болгону 30 млн сом тийген. Белгилеп кетерибиз, бул учурда өлкөлөр чегараларын жаап, дарыланганга керектелүүчү дары-дармектерди жана коргонуучу каражаттарды ташууга тыюу салган мыйзамдарды кабыл алды.

Күнөөлүүнү издөө туу чокусуна чыкты

Алтынай Өмүрбекова менен Космосбек Чолпонбаевди кызматынан алгандан кийин кайсы бир убакытка чейин аларды унутушту. Кызматтан четтетилген чиновниктер тууралуу ойлонууга жөнөкөй кыргызстандыктардын чама-чаркы жок болчу, жашоо үчүн алпурушуп, дүйнөнүн түйшүгүн унуткан учур эле. Коронавирус менен күрөшүүгө багытталган донорлук каражаттар өлкөгө келип, алектенчү иш табылды. МВФтин биринчи траншы так 31-мартта келген.

Ошол эле маалда, Республикалык штабдын жетекчиси жана Саламаттыкты сактоо министри кеткенине, эларалык институттардын шаркыраган ири жардамына карабастан коронавирус инфекциясын жуктургандардын катары кемиген жок. Тескерисинче, ооругандар көбөйүп, катардагы “пациенттер” жана медициналык кызматкерлер көз жумган алгачкы учурлар катталды.

Июль айында ири масштабдуу эпидемия башталды. Ошол айда илдеттин жайылышы жана COVID-19дун өлүмү туу чокусуна чыкты. Ооруканалар жык-жыйма болуп, медицина кызматкерлеринин жетишсиздиги билинди. Элдин нааразычылыгы тынымсыз жаңырып, президент жана премьер-министрдин дарегине карата сын айтыла баштады.

Ошол учурда адвокат Канат Хасанов эки ирет Башкыпрокуратурага кайрылып, COVID-19 менен күрөшүү үчүн сырттан келген каражаттын коротулушун текшерип, Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган министрлер кабинетин жоопкерчиликке тартуу талабын койгон. Ал Абулгазиев Кыргызстанды пандемияга даярдоо ишин талкалаганы үчүн жоопкерчилик тартышы керек деп эсептеген.

Өзүнүн дарегине айтылган оор айыптоого карабастан, Мухаммедкалый Абылгазиев суудан кургак чыкканга жетишти. Өзүнө эч бир кесепет тийгизбестен, жөн гана отставкага кетти.

Мурдагы мамлекет башчысынын дарегине да эч бир суроо коюлбады. Дегенибиз, Сооронбай Жээнбеков 18-июлда “Биринчи радиого” берген маегинде, январь айынан бери коронавирустун таралышы боюнча бардык кырдаал жеке өзүнүн көзөмөлүндө болгонун ачык айткан.

  • Барына белгилүү болгондой, коронавирус боюнча маалымат өткөн жылдын декабарь айында чыкты. Январь айынан баштап маселе менин жеке көзөмөлүмдө болду. Биринчи күндөн тарта өкмөт менен бул багытта иш алып барып, илдетти өлкөгө киргизбөө үчүн аэропорттордо, чегара посторунда чаралар көрүлдү – деген президент.

Бул билдирүү өлкөдө болгон эпидемиологиялык тозоктун жоопкерчилигин өзүнө алганга жасалган аракет катары, мойнуна алуу катары жаңырган. Бирок, кийин күнөөлүүнү башка жактан – бошотулган чиновниктерден издеди. Мына ушундай ыкма менен коомдук-саясий чыңалууну басаңдатканга аракеттенди.

Эмнеге жабышыш керек

6-июлда мурдагы саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев суракка чакырылды. 9-июлда кайра чакырды. Ал эми 10 күнү экс-вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова суракка чакырылды.

Финансы полициясы коррупция жана өзүнчө бир фармацевтикалык компаниянын кызыкчылыгын коргогон Саламаттык сактоо министрлигинин кызмат адамдарына карата сурак жүрүп жатканын билдирген. Ошол эле маалда, бир катар ЖМКлар укук коргоо органдарындагы өздүк булактарына шилтеме жасап, Космосбек Чолпонбаев медициналык бет каптарды четөлкөгө сатканы боюнча шектелип жатканын маалымдаган. Алтынай Өмүрбекова сурактан кийин өзүнүн Facebook баракчасына тергөөчүлөр гуманитардык жардам боюнча сураганын жазды.

Ушул сурактардан кийин ЖК депутаты Жанарбек Акаев ишти эптеп көздөн жаздым кылбай, бийлик чыныгы күнөөлүүлөрдү аныкташы керектигин билдирген.

–Эгерде аталган чиновниктердин күнөөсү аныкталса, алар жоопкерчиликке тартылсын. Бирок, коомчулук чет жактан келген жардамдар боюнча отчет талап кылып жаткан маалда эки чиновникти гана күнөөлүү деп көрсөтүү бийлик үчүн чоң катачылык болот – деген депутат.

15-сентябарда мурдагы саламаттыкты сактоо министрин кайрадан суракка чакырып, андан ары камакка алышты. Таңкалыштуусу, Финпол мурдагы айыптоолорго ылайык, фармацевтикалык кызыкчылык же гумжардамды сатуу боюнча эмес, башка айып менен камаганын билдирди.

Көрсө, Чолпонбаевди камаш үчүн такыр башка, жапжаңы шылтоо табылыптыр. Ал кызмат абалынан кыянат пайдаланып, консультациялык кызмат көрсөтүү боюнча ылайыксыз келишим түзгөн, натыйжада мамлекеттик бюджет миллиондогон зыян тарткан деп шектелип жатканын мекеме жарыялады.

Кийин, Саламаттыктыкты сактоо тармагындагы атамекендик түзүмүн баалоо жана оптимизациялоо сунуштамасын иштеп чыгуу боюнча немецтик консалтинг компаниясы менен түзүлгөн келишим боюнча сөз жүргөнү билинди. Бул Жоомарт Оторбаев өкмөт жетектеп турган маалда башталган мамлекеттик медицинаны реформалоонун баштапкы стадиясында болгон. Донорлук келишим 2014-жылы түзүлүп, Жогорку Кеңештин V чакырылышы ратификациялаган.

Космосбек Чолпонбаев келишимге (контракт) кол коюп, болгону өзүнүн министрлик милдетин аткарган. Документке кол коюдан такыр баш тарта алмак эмес. Мындан сырткары, консультанттарды ишке тартуу, ишти баалоо донорлор менен болгон келишимдин ичине камтылган. Аны талашсаң, каражаттан куржалак каласың. Эч бир эларалык уюм акчаны жөн гана бере бербейт.

Жыйынтыктап айтканда Космосбек Чолпонбаевди бүгүн өзүнүн ишин так аткарганы үчүн гана отургузганга аракеттенишүүдө. Баса белгилеп коюшубуз керек, коронавирус пандемиясынын инфекциясы тараган маалдагы бийликтин кетирген кемчиликтерине кимдир бирөөнү күнөөлүү кылыш үчүн (азыркы же мурдагы бийликтегилерден) Финансы полициясынын тергөөчүлөрү мурдагы саламаттыкты сактоо министрин “жапканга” аракеттенип, илинчек тапканга жанталашып жатышат. Бул үчүн формалдуу себептин кереги жоктугу ачык билинди. Пандемия кайнап жаткан маалда президент тарабынан бошотулган министр эмне үчүн соттолуп жатканына коомчулук деле кызыкпайт, талдабайт деген эсепке таянышууда.

“Вечерный Бишкек” гезитинен которулду,
Кыргызчалаган Нургазы Айтмырзаев