Мелис Турганбаев «Акнетке» байланышкан окуяга ачык пикирин билдиреби?..

600

Интернет жана кабелдик теле тармагы боюнча монополис болуп, каржылык абалы кимди болбосун кызыктырган «Акнет» компаниясына байланыштуу чырмалышкан окуянын аягына чекит коюла элек. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын мурунку жетекчиси Бакир Таиров бул окуяга калыс баа берип чекит койгондун ордуна биротоло чиелештирип, чырмап кеткени буга чейин айтылып келген. Азыр да «Акнетте» Таировдун кызыкчылыгы бар экенин айтып келишет. Өткөн жумада так ушул «Акнетке» байланышкан окуя тууралуу интернетке видео тасма тарады. Ал тасмада «башкы каарман» генерал Мелис Турганбаев экен. Бул тасма чыгаары менен коомчулукта кайчы пикир пайда болду. Бири атайлап каралоо болду десе, бири «шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт», -деди. Ал эми Турганбаев болсо коомчулукка ачык пикирин билдире элек. Кийинки чыгарылышыбызда Мелис мырзанын пикирин билүүгө аракет кылмакчыбыз…

Булак:Де-Факто