«Кыргызалтын» ААКсын басып алган Тумановго чара көрүлөбү?

302

«Макмал Голд Компании» ЖЧКсынын директорлор кеңешинин төрагасы болуп жүрчү Алмаз Туманов деген эргул бар. Үстүбүздөгү жылдын 5-октябрында болуп өткөн нааразычылык акциясынын шарапаты менен 7-октябрь күнү барып «Кыргызалтын» ишканасын өзүм билемдик менен басып алып оозубузду ачырды. «Алтын» десе көзү тумандап кеткен бул Тумановдун 7-октябрдагы чагымчылык кадамы, «Кыргызалтынды» басып алганы боюнча укуктук баа берилиши керек го, ыя? Анын үстүнө «Макмал Голд Компании» ЖЧКсына байланыштуу чуулгандуу иштерден Алмазчиктин эки кулагы тикчийип чыгып атат. Бул жүрүшү менен кетсе бул кургур деле көпкө узабайт го, сыягы…

Де-Факто гезити