Кылжыев кылтакка илинди

181

Бишкекте кыргыз өкмөтүнүн аппаратынын мурдагы башчысы Самат Кылжыевдин кармалганы кабарланууда. Маалыматтарга караганда Кылжыев сурактан кийин кармалган. Айрым маалымат каражаттары Кылжыевдин үйүндө тинтүү болгонун жазып чыгышты. Буга чейин Кылжыев «Скай Мобайл» компаниясына берилген радио жыштык боюнча иштин алкагында сурак берип жүргөнү кабарланган. 7-ноябрда Самат Кылжыевдин өлкө жетекчилигине бул иш боюнча тергөөнү тездетүүнү суранган кайрылуусу жарыяланган.

Де-Факто гезити