Бишкектин тазалыгын токмоктук «Графтын» компаниясы тейлегенин билчү белеңиз?!

664

Бишкек шаарынын «Тазалык» кызматында оголе көп көйгөй бар экенин жакшы билебиз. Борборубуздун тазалыгы үчүн ал жердин кызматкерлери күнү-түнү болгон аракетин жумшап келишет. Ага болбой: «Шаарды тазалаган «Тазалык» кызматы иштебей атат, ар кайсы жердин баары таштанды» деп наалыйбыз. Ошол эле маалда тазалык үчүн ар бир жаран өзүбүздөн күнөө издегибиз келбейт. Жөнөкөй эле мисал – колубузда таштанды болсо, басып барып атайын челекке салгандан көрө жаныбыздагы арыктын жээгине ыргытып кеткенди туура көрөбүз. Үйдө жатып алып терезеден таштанды ыргытканды андан бетер сүйөбүз. Кичине ойлонбойлубу, замандаш…

Ошондой эле борбордун тазалыгын тейлеген мамлекеттик «Тазалык» кызматынан башка дагы «КомТрансКом» аттуу жеке менчик таштанды чыгарып иштеген компания бар экенин көпчүлүк биле бербейт. Аталган ишкана Октябрь районуна тиешелүү аймактын таштандыларын алып барып полигонго төгөт. Бишкекке Албек Ибраимов мэр болуп турганда келишим түзүлгөн бул компания менен. Аталган «КомТрансКомдун» кожоюну токмоктук «Граф» каймана ысымдуу Ибрагимов Алиджан экен. Албек Ибраимов алгач бир районду берип, анан акырындык менен «Тазалыкты» дүңүнөн эле Графтын компаниясынын тейлөөсүнө «менчиктеп» берүүгө аракет жасаганын аңдабай билсек болот. Ал эми борбордук таштанды төгүүчү полигондун күңгөй-тескейи тууралуу кенен сөз кылсак болчудай…

Де-Факто гезити