ВИДЕО – 14 саат 27 мүнөттө Дөөлөт Сыдыков манас айтуусун токтотту. Манасчынын абалы кандай?

4015

12-ноябрда манасчы Дөөлөт Сыдыков 14 саат тынымсыз манас айтып, “Гиннесстин рекорддор китебин” жаңылады. Иш-чара борбор калаанын “Ала-Тоо” аянтында орун алып, анда Дөөлөт Сыдыков айнек боз үйдө манас айтты. Анда манасчы дээрлик 14 саат 27 мүнөт тынымсыз манас айтты.

Учурда манасчыны боз үйдөн алып чыгып, ага суу беришти. Ошондой эле анын кан басымы текшерилди. Манасчынын абалы жакшы экени тасмадан көрүнүп турат.

Топтолгон эл күндүн суугуна карабай, «Манастап» ураан чакырып, аны сүрөп турушту.

Манасчы Дөөлөт Сыдыков «Манас»эпосун дүйнө жүзүнө таанытуу үчүн узак убакыт токтобой айтуучу катары дүйнөлүк Гиннес рекорддор китебине кирүүнү максат кылган.

Гиннестин өкүлдөрүнүн талабы боюнча эпосту эч тынымсыз 10 сааттан ашык айтуусу керек болот.

Ал эми Сыдыков Бүгүн 12-ноябрда борбордук «Ала-Тоо» аянтында 14 сааттан ашык тынбай Манас айтты.